Кыргызстандык Бермет Абдрахманова Германияда депутаттыкка ат салышат

Кыргызстандык Бермет Абдрахманова Германиядагы Мурнауда өтүүчү депутаттык шайлоого катышат. Бул тууралуу 20-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

«Берметтин депутаттык шайлоого катышышы өзү үчүн гана эмес, Германиядагы кыргыздар үчүн утса да, утулса да абдан маанилүү. Бөтөн эл, чет жерде кыргыздын кызы чүнчүбөй, жалтанбай жергиликтүү немистер менен тең ата болуп, тизгин талашып жатканы Германиядагы кыргыз диаспорасы өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүнөн кабар берет», — деп жазды ал.

Текебаевдин айтымында, Бермет Абдрахманова Бавариянын Мурнау шаарында «Элдик Университеттин» интеграция жана тил бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ал шаарда белгилүү жана авторитеттүү коомдук активист.

2022-жылы кыргыз кызы Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореянын Сеул шаарында депутат болуп шайланган. Ал өзү аталган өлкөгө 2004-жылы көчүп барган.

2020-жылы Кореядагы Хангук чет тилдер университетинде «Адабиятчы» адистиги боюнча магистратураны аяктап, «Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестиндеги салттуу жана заманбап кагылыштар» темасында дипломдук ишин жактаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз кызы Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореянын Сеулунда депутат болуп шайланды