Кыргыз кызы Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореянын Сеулунда депутат болуп шайланды

Түштүк Кореянын Сеул шаарында шаардык кеңешке шайлоо өтүп, кыргыз кызы Айсулуу Аширалиева депутат болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова Фейсбук барагында билдирди.

Элчинин айтымында, 1-июнда Корея Республикасында жергиликтүү органдардын, облустук жана шаардык депутаттар шайлоосу өткөн.

«Биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты патриот мекендештерибиздин бири», — деп жазды Исмаилова.

Аширалиева мурда Kaktus Media’га маек куруп, Кореяга 2004-жылы эле көчүп кеткенин айтып берген. 2020-жылы Кореядагы Хангук чет тилдер университетинде «Адабиятчы» адистиги боюнча магистратураны аяктап, «Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестиндеги салттуу жана заманбап кагылыштар» темасында дипломдук ишин жактаган.

Аширалиева «Ай-Пери» Борборазиялык маданият жана искусство ассоциациясынын дагы негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Материалдын автору: Медина Сейитказиева.