Иллюстраци: Алина Печенкина

Материалдын түп нускасы Кыргызстанда инклюзивдик коомду жайылтуу боюнча InKoom долбоорунун сайтында жарыяланган.

Гүлмира Казакунова – 2007-жылы Караколдо түзүлгөн «Теңдик» майыптар союзунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. 2019-жылдан баштап уюм улуттук деңгээлде иштей баштады.

Жашоо «мурун» жана «кийин» болуп бөлүнөт

Казакунова жаракат алып, 19 жашында майып болуп калган. Кырсыктын кесепетинен ал баспай калган.

«Жаңы жашоого көнүү кыйын болду. Мен туруп, басып кетем деп ойлогом. Бирок бул көп жылдарга созулду. Эки жылдан кийин таяк менен баса баштадым. Мен калыбыма келип, окуумду уланттым. Бирок, экинчи жолу шал болуп, ордумдан тура албай калдым. Көп жылдан бери майыптар коляскасын колдонуп келем», — дейт Гүлмира.

Казакунова эрезе жеткен куракта майып болгондо, жашоо «мурун» жана «кийин» болуп бөлүнөт дейт.

«Мен өзүмдү жалгыз ушундай болгондой сездим. Анан мен балдак менен жүргөн жана өзүнүн уюму болгон Асипа Мусаева менен таанышып калдым. Ал Кыргызстандын майыптыгы бар аялдар ассоциациясынын президенти. Менин иш-аракетим аны менен таанышкандан кийин башталды. Бирок, мен дароо эле адамдарга жардам бере баштаган жокмун, чыккынчылык жана көңүл калуу жылдары болду» — деп эскерүүлөрү менен бөлүштү Гүлмира.

Азыр анын уюму төрт багытта иш алып барат — майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын укуктары боюнча мыйзамдардын аткарылышын мониторингдөө, майыптыгы бар адамдарды өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө үйрөтүүчү көз карандысыз жашоо борбору жана зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдар менен иштөө.


«Биз аларды зордук-зомбулукту кантип алдын алууга, өзүн кандай алып жүрүүгө, өзүн-өзү сыйлоо сезимин жогорулатууга үйрөтөбүз.


Майыптыгы бар аялдарга карата зомбулуктун факторлорунун бири болуп алардын экономикалык көз карандылыгы саналат. Биз аларды экономикалык жактан көз карандысыз болууга үйрөтөбүз. Ал үчүн биз кыска мөөнөттүү кесиптик курстарды уюштурабыз, анда маникюр мастери, визажист, компьютердик көндүмдөрдү үйрөтөбүз, СММ, копирайтинг, видео жана аудио монтаж сыяктуу кесиптерге окутабыз. Орус тили, англис тили курстарын өткөрөбүз», – дейт Казакунова.

Гүлмиранын айтымында, зордук-зомбулуктан жапа чеккендер менен иштөө абдан оор, мисалы, зомбулукка кабылган өзгөчө муктаждыктары бар адамдар боюнча статистика болгон эмес. Азыр укук коргоочулар майыптыгы бар адамдар боюнча өзүнчө статистиканы чогултууга жетишишти.


«Майыптыгы бар аялдарга карата зомбулук дээрлик спецификалуу. Эгерде майыптыгы жок аял үй-бүлөдөн кетип, өз алдынча жашоону баштай алса, майыптыгы бар аялдар үй-бүлөдөн абдан көз каранды. Алар физикалык жактан кетишсе да, батирди ижарага алуу абдан кыйын болот.


Акчасы болсо да, майыптыгы бар аялдарга батирди ижарага берүүнү каалашпайт. Жана да кесип болбосо бир пенсия же жөлөк пул менен гана жашоо абдан кыйын», – деп кырдаалды түшүндүрөт Гүлмира.

Казакунова зордук-зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдар көбүнчө чарасыз абалда калышат деп түшүндүрөт.

«Майыптыгы бар кыз – аны үй-бүлөсүндө сабап, шылдыңдашат. Биз аны эвакуациялоону кааладык. Бирок суроо жаралат: макул, биз аны алып, аны менен иш алып бардык. Анан ал кайда кайтып келет? Ошол эле үй-бүлөгөбү? Ал кетип, уят болгондон кийин ага кандай мамиле жасалат? Же укук коргоо органдарына кайрылган. Ал кайда барат? Анын өз үйү жок. Азыр биздин шелтерде 30 жашка чейинки үч жаш кыз бар. Мен аларды андан ары кайда алып барарымды билбейм. Чарасыз жагдайлар көп. Мен ойлонуп отурам, бул кыз эмне кылышы керек? Үйдө жашоону улантабы? Ал жашагысы келбеген абалда», – дейт укук коргоочу айым.

Мындан тышкары, Казакунова майыптыгы бар аялдар үчүн инклюзивдик шелтерлер жок экенин белгилейт.

«Аялдар үчүн учурдагы шелтерлер майыптыгы бар аялдар үчүн эч кандай ыңгайлаштырылган эмес. Балким, алар кандайдыр бир юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүшөт, бирок жашоо үчүн ылайыкташтырылган эмес. Майыптыгы бар аялдар ал жерде жашай алышпайт», — деп кошумчалайт Гүлмира.