«100 миң сом талап кылган». Салык кызматынын эки инспектору пара алып жатканда кармалды

Чүй облусунун Москва районундагы салык кызматынын эки инспектору пара алып жатканда кармалды. УКМКдан салык тармагындагы туруктуу коррупцилык схемага бөгөт коюлганын 22-апрелде билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр райондук салык кызматында салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүндө улук инспектор жана салык көзөмөлү бөлүмүндө башкы инспектор болуп иштейт.

«Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ыйгарым укуктарынан аша чаап, салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын бурмалоо, иш жүзүндөгү кирешесин жашыруу жана кийин мамлекеттик каттоо кызматына кыймылсыз мүлк салыгы боюнча карызы жок экени жөнүндө маалымкат берүү үчүн аялдан 100 миң сом талап кылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.