«Салыктан качкан». Султанбаев «Ак-Жол» бекетинен кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекетинен кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди.

Султанбаев жалпы наркы 300 миллион сомдон ашык 84 килограмм алтын «Алтын кен» компаниясына таандык экенин билдирди. Ал өлкөдө «рудадан алтынды бөлүп алуучу завод жок болгондуктан, ишканалар Кытайга же Казакстанга барышат» деп белгиледи.

Ал компания алтынды жашыруу эмес, салыктан качуу максатында Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган деген пикирин билдирди. Анткени, компания алтынды каттоодон өткөрсө, 60 миллион сом салык төлөмөк.

«Кээ бирөөлөр бул окуяны “алтын чыгарып кетип жатып кармалышты” деп бурмалап жатышат, андай эмес. Руда менен концентраттар чыгып жатканда дагы канча тонна чыгып жатканы көзөмөлгө алынат. Ошонун курамынан болжол менен канча алтын чыгары дагы лабораториядан өтөт, анан алып кетишет. Кайра ошол алтын бизге келип, салыгы төлөнүп, андан кийин анан кайра чыгарып кетишсе болот», — деди ал.

Ошондой эле Султанбаев 31-декабрына чейин өлкөдө алтынды бөлүп алуучу завод куруларын белгилеп, баары өзүбүздөн иштетиле баштайт деп ишендирди.

Буга чейин, 19-апрелде УКМК Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекетинде баасы 300 миллион сомдон ашык 84 килограммга жакын алтын кармалганын билдирген.

Атайын кызматтан алтын эч кандай тиешелүү документтери жок Чүй облусундагы кен казуучу компаниялардын бирине JAC үлгүсүндөгү унаа менен ташылып баратканын кошумчалашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Казакстандан документтери жок 84 килограмм алтынды алып кирүүгө бөгөт коюлду