УКМК: Казакстандан документтери жок 84 килограмм алтынды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Жол» товарларды чек арада каттоо бекетинде баасы 300 миллион сомдон ашык 84 килограммга жакын алтын кармалды. Бул тууралуу 19-апрелде «Клоопко» УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-апрелде алтын эч кандай тиешелүү документтери жок Чүй облусундагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине «JAC» үлгүсүндөгү автоунаада алынып бара жаткан.

Мекемеден алтынды өлкөгө алып кириш үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоодон өтүүгө керектүү документтер жок болгонун билдиришти.

«Учурда Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын адистери тартылып, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан автоунаанын кайсы ири компанияга бара жатканы боюнча маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Геология жана жер казынасы департаментинин директору, экология министринин орун басары Алмаз Туманов 2022-жылы тоо-кен тармагынан бюджетке 39 миллиард сомдон ашык акча түшкөнүн билдирген.