Ош: Оңдоп-түзөөдөн өткөн Бабур драма театрынын ачылышы болуп өттү

Ош шаарында Бабур атындагы академиялык музыкалык-драма театры толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 24-апрелде пайдаланууга берилди.

Театрдын ачылыш иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков баштаган делегациянын өкүлдөрү катышты.

Мекеменин 100 жылдыгына байланыштуу реконструкциялоонун долбоолорунун жалпы баасы 5 миллион АКШ долларын түзүп, аны Өзбекстан Республикасы каржылаган. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында кабыл алынган.

Бабур атындагы драма театр. Сүрөт: Бекмырза Урустамов / Kloop
Сүрөт: Нурислам Абдисатаров / Kloop
Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков жана Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов. Сүрөт: Нурислам Абдисатаров / Kloop
Сүрөт: Нурислам Абдисатаров / Kloop
Сүрөт: Нурислам Абдисатаров / Kloop
Сүрөт: Бекмырза Урустамов / Kloop
Сүрөт: Бекмырза Урустамов / Kloop
Сүрөт: Бекмырза Урустамов / Kloop

Бабур драма театры

Бабур атындагы драма театры Орто Азиядагы эң байыркы театрлардын бири. Театр 1918-жылы Рахмонберди Мадазимовдун жетектөөсү астында ийрим катары ачылган. Ал эми 1937-жылы театрга саясатчы Сергей Кировдун аты коюлуп, толугу менен «театр» наамын алган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылы өзбек акыны Захир-ад-дин Мухаммад Бабурдун аты коюлган. Театр 480 көрүүчүгө ылайыкталган.

Театрдын жамааты бир гана Кыргызстандын түштүгүндө эмес, Өзбекстан, Москвага чейин гастролдошкон. Алар өлкөдө элди руханий жактан азыктандырган алгачкы маданий ишмерлер болушкан.

Театрдын 100 жылдыгы 2018-жылдын октябрь айында белгиленмек, бирок театр оңдоого муктаж болгондуктан маараке жылдырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Бабур театры 5 млн долларга оңдолот, аны Өзбекстан каржылайт

Сүрөт баян: 100 жылдык тарыхы бар Оштогу Бабур драма театры