Ош: Бабур театры 5 млн долларга оңдолот, аны Өзбекстан каржылайт

Ош шаарында Бабур атындагы академиялык музыкалык-драма театрын толугу менен реконструкциялоо иши башталды. Вице-мэр Жасур Азимов баштаган жумушчу топ 13-сентябрда аткарылып жаткан иштер менен таанышып келди.

Театрдын 100 жылдыгына байланыштуу реконструкциялоону Өзбекстан республикасы каржылап жатат. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында кабыл алынган.

Долбоордун жалпы баасы 5 миллион АКШ долларын түзүп, реконструкциялоону 2022-жылдын башына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бабур драма театры

Бабур атындагы драма театры Орто Азиядагы эң байыркы театрлардын бири. Театр 1918-жылы Рахмонберди Мадазимовдун жетектөөсү астында ийрим катары ачылган. Ал эми 1937-жылы театрга саясатчы Сергей Кировдун аты коюлуп, толугу менен «театр» наамын алган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылы өзбек акыны Захир-ад-дин Мухаммад Бабурдун аты коюлган. Театр 480 көрүүчүгө ылайыкталган.

Театрдын жамааты бир гана Кыргызстандын түштүгүндө эмес, Өзбекстан, Москвага чейин гастролдошкон. Алар өлкөдө элди руханий жактан азыктандырган алгачкы маданий ишмерлер болушкан.

Театрдын 100 жылдыгы 2018-жылдын октябрь айында белгиленмек. Үч жыл мурун театр оңдоого муктаж болгондуктан маараке жылдырылган.

Сүрөт баян: 100 жылдык тарыхы бар Оштогу Бабур драма театры