Володин: Орусиянын НПОнун ишин жөнгө салуудагы тажрыйбасы Кыргызстанга пайдалуу боло алат

Орусиянын Мамдумасынын төрагасы Вячесав Володин Орусия Федерациясы менен Кыргызстан чет элдик кийлигишүүлөргө мыйзамдык жактан каршы туруу багытында тажрыйба алмаша алат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушууда билдирди.

Володиндин айтымында, Орусияда бул багытта «натыйжалуу мыйзамдар кабыл алынган».

«Мамдуманын төрагасы кошумчалагандай, азыркы тапта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Батыштан каржыланган чет элдик коммерциялык эмес уюмдар “суверенитетти, мамлекеттүүлүктү жок кылууга аракеттенип жатат”. Орусиянын бул багыттагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн пайдалуу болушу мүмкүн», — деп келтирди Володиндин айткандарын Мамдуманын басма сөз кызматы.

Орусиянын бийлиги батыш өлкөлөрүн кийлигишет деп көп эле айыптайт. Орус армиясы 2022-жылдын февралында Украинага кол сала баштагандан тартып Орусияда батыштын таасирин чектейт деген бир катар мыйзамдар кабыл алынып, ошондой эле чет элдик тыңчылар жөнүндөгү мыйзам күчүн катаалданган.

Мыйзамга ылайык, чет элдик тыңчы деп «чет өлкөдөн колдоо алган же чет өлкөнүн таасиринде туруп Орусияда саясий ишмердүүлүк менен алектенген, Орусия Федерациясынын аскердик, аскерий-техникалык ишмердүүлүгү жаатында максатту түрдө маалымат чогулткан же саны чектелбеген адамдардын чөйрөсүнө маалыматтар менен материалдарды тараткандар» аталат.

Бирок Орусия аталган мыйзамды иш жүзүндө Владимир Путин башында турган Орусия бийлигин сындаган укук коргоочу, журналист жана активисттер менен күрөшүү үчүн пайдаланат.

Чет элдик тынчылардын тизмесине Орусиянын Украинадагы согушуна каршы пикирин билдирген саясатчылар гана эмес, артисттер да кирген учурлар арбын.

Орусиянын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, чет элдик тыңчылардын тизмесине 586 жеке жана юридикалык жак киргизилген. Бул тизмеге ЛГБТ коомчугун колдогон уюмдар же ЛГБТ активисттер да кирген учурлар бар.

Чет элдик тыңчы макамы адамдарга же уюмдарга алардын ишин кыйла татаалданткан бир катар чектөөлөрдү тагат, мисалы, укук коргоочулар менен иликтөөчү журналисттердин ишин.

Кыргызстанда дагы ушундай эле мыйзамды кабыл алуу маселелери көтөрүлгөн. Акыркы жолу мындай сунушту 2023-жылдын февралында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов айтып чыккан.Анда ал бул демилгесин Кыргызстанда интернет аркытуу батыш саясатын жайылтып, жаштарды бузган уюмдар бар деп негиздеген.

Чет элдик тыңчы жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алууну 2014-жылы биринчи депутат Надира Нарматова, Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев демилге демилгелешкен. Ал кезде үчөө тең парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты болчу.

Ага ылайык «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик тыңчы» статусун алышы мүмкүн эле. Бирок 2016-жылы алтынчы чакырылыштын депутаттары документти артка кайтарышкан.