Балдары Орусиянын абактарында отурган 30 чакты ата-эне 26-апрелде бийликке кайрылышты. Алар президент Жапаровдон «баңгизат ташыган» деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого жардам сурашты.
Ата-энелер балдары курьерлик жумушка киргенден кийин эле «Орусиянын мафиясына жем болуп, баңгизат менен кармалып жатканын» белгилеп, абактагы мигранттар Украинадагы согушка тартылат деген тынчсызданууларын айтышты.
«Кызым курьер болуп иштеп жүрүп, бир жерге экинчи жолу пицца алып барат. Алып барса ал жерге полиция барып калган экен. Пиццанын астын ачышса эле [баңгизат] чыгыптыр, кызым эч нерсени билген эмес. Ошол жердеги балдар качып кетишиптир», — дейт кызы Орусиянын абагында жаткан, өзүн Бүажар Кубатбекова деп тааныштырган аял.
Кубатбекова кызы беш жылга кесилип кеткенин, бул окуядан кийин жолдошу каза болгонун кошумчалайт.
Баласы курьер катары жумушка киргенден кийин баңгизат сатууга шектелип, кармалганын Махабат Таиева дагы айтат. Учурда 26 жаштагы уулу Волгаград шаарындагы тергөө абагында жатканына бир жарым жыл болду. Эне баланын ортосундагы байланыш үзүлгөн.
«Ошол жакка [Украинадагы согушка] алып кетпесе экен деп президенттен жардам сурап жатабыз. Боштондукта жүргөн балдар, жаны кейигенде, андан көрө деп [согушка] кетип калбаса экен деп коркобуз», — дейт ал.
Чогулган ата-энелер балдары абакка согуш талаасына чакырган адамдар келип жатат деп айтышканын кошумчалашты.
Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү
Тынчы кеткен ата-энелердин маселеси Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында дагы көтөрүлдү. Депутат Жанар Акаев бул боюнча президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
«Кечээ бул жерге 200дөй ата-эне келиптир. Мен аларга жолугуп, эки сааттай сүйлөшүп келдим. Президентке киребиз деп кире алышпады. Өкмөттөн дагы жооптуу адамдар чыгып жолуккан жок. Алар бүгүн дагы жүрүшөт. Алар абакта отурган балдарын “Вагнер” сыяктуу уюмдар азгырып, балдары көздөрүн жалдыратып, согушка алып кетеби чочулап жатканын, Кыргызстандан жардам күтүп отурганын айтышты», — деди Акаев.
Депутат Башкы прокуратура бул боюнча ыкчам аракеттерди көрүшү керек деп эсептейт. Анын айтымында, жакында Орусияга барары кабарлан президент Жапаров бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө биринчи кезекте ушул маселени көтөрүшү керек.
Тышкы иштер министрлигинин ушул жылдын февраль айындагы маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө соттолуп, камакка алынган 1282 кыргыз жараны бар. Алардын 1077си Орусиянын абактарында.
Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарынын сөөгү Украинадагы согуштан келген учурлар буга чейин бир нече жолу катталды.
27-январда кыргызстандык Аян Алишеровдун өлүмү тууралуу белгилүү болду. Ал орус армиясы 2022-жылдын жай мезгилинен бери басып алууга аракет кылып жаткан Украинанын Бахмут шаарында каза тапкан.
30 жаштагы Алишеровдун туугандары ЖМКга маркум Орусиянын курамына кирген Мордовия республикасындагы колонияда жаза өтөп жатканын айтып беришкен. Иниси менен акыркы жолу сүйлөшкөндө Алишеров алардын колониясына Вагнер ЧВКсынан келишкенин айткан. Сүйлөшүүдө маркум согушка баруу ниети тууралуу айткан эмес, бирок андан кийин жакындары менен байланышпай калган.
Ал эми 1-февралда «МедиаХаб» Орусияда соттолгон Өзгөн районунун тургуну Янгибай Рахимов тууралуу видео жарыялаган. Анда ал 2022-жылдын 9-декабрында Украинанын Бахмут шаарында согушта каза тапканы айтылат. Анын сөөгү 23-январда кичи мекенинде жерге берилген.
15-февралда дагы бир кыргыз жараны, Лейлек районунун тургуну Замир Чолоевдин Украинадан сөөгү келгени белгилүү болгон. Чолоевдин жакындары ал Орусиянын камагында жаза өтөп жатып, ЧВК «Вагнер» аркылуу согушка кеткенин «Азаттыкка» билдиришкен.
*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм.
Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.
Азырынча Орусияда жаза өтөп жаткан канча кыргызстандык Вагнер ЧВКсына тартылганы белгисиз.