ТИМ: Чет өлкөдөгү абактарда 1282 кыргыз жараны жазасын өтөп жатат, анын 1077си Орусияда

Чет өлкөлөрдө соттолуп, камакка алынган 1282 кыргыз жараны бар. Алардын 1077си Орусиянын абактарында. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 3-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз консулдары соттолгон жарандардын 450дөн ашыгы менен жолугушуу өткөрдү. Консул кызматкерлери Орусиянын бир катар республикасындагы жана облусундагы соттолгон кыргыз жарандары менен жолукту.

«Учурда Кыргызстандын элчилиги жана башкы консулдугу тарабынан Орусиядагы ар бир соттолгондорго Кыргызстанга которуунун жол-жобосу тууралуу түшүндүрмө каттар жөнөтүлдү», — деп белгилешти министрликтен.

Орусиянын абактарындагы кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү тууралуу өткөн жылдын 26-ноябрда өткөн Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров дагы айткан. Өлкө башчысы башкы прокурор бул боюнча жыл башынан бери иштеп жатат деп белгилеген.

Орусияда соттолуп, сөөгү Украинадагы согуштан келди

Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарынын сөөгү Украинадагы согуштан келген учурлар буга чейин бир нече жолу катталды.

27-январда кыргызстандык Аян Алишеровдун өлүмү тууралуу белгилүү болду. Ал орус армиясы 2022-жылдын жай мезгилинен бери басып алууга аракет кылып жаткан Украинанын Бахмут шаарында каза тапкан.

30 жаштагы Алишеровдун туугандары ЖМКга маркум Орусиянын курамына кирген Мордовия республикасындагы колонияда жаза өтөп жатканын айтып беришкен. Иниси менен акыркы жолу сүйлөшкөндө Алишеров алардын колониясына Вагнер ЧВКсынан келишкенин айткан. Сүйлөшүүдө маркум согушка баруу ниети тууралуу айткан эмес, бирок андан кийин жакындары менен байланышпай калган.

Ал эми 1-февралда «МедиаХаб» Орусияда соттолгон Өзгөн районунун тургуну Янгибай Рахимов тууралуу видео жарыялаган. Анда ал 2022-жылдын 9-декабрында Украинанын Бахмут шаарында согушта каза тапканы айтылат. Анын сөөгү 23-январда кичи мекенинде жерге берилген.

*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.

Азырынча Орусияда жаза өтөп жаткан канча кыргызстандык Вагнер ЧВКсына тартылганы белгисиз.

Негизги бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду.

ТЕМА БОЮНЧА:

«МедиаХаб»: Орусияда абакта жаткан дагы бир кыргызстандыктын сөөгү Украинадагы согуштан келди

«Супер Инфо»: Орусияда абакта жаткан жигиттин сөөгү Украинадагы согуштан келди