Солдон оңго: Шайлообек Атазов жана Акылбек Жапаров

Парламентте Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү фондунан Кыргызстанга 29 млн доллар бөлүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Депутат Шайлообек Атазов фонд каражатты бир жыныстуу никелерди колдоо үчүн бөлүп жатат деп кыжаалат болуп, минкабдан буга чара көрүүнү талап кылды.

«Дүйнөлүк фонддон 29 млн доллар келсе, кыз менен кызды үйлөндүрүш керек деп, вице-премьериңиз руксат берип жатат. Эдил Байсалов деген мырза кыргыз улутуна, динине, ыйманына салты-наркына каршы келген идеологияны эмне жүргүзүп жатат? Качан кыргыз кызына кызды үйлөйт эле? Муну вице-преьер-министр эмнеге токтотпой?» — деп сурады Атазов.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров депутатты бийлик жаңы Үй-бүлө кодексин иштеп чыгат деп ишендирип, анда нике — бул эркек менен аялдын союзу деп так жазыларын белгиледи.

«Жакында Үй-бүлө кодексин алып келебиз, ошону менен баарын иреттейли деп атабыз. Буга чейин адам укугу деп кабыл ала берген экенбиз. Эми мындан ары болбойт деп атабыз. Май-июнга жетишсек жетиштик, жетишпесек сентябрда кодексти алып келип, мыйзам менен баарын иретке коёсуз. Үй-бүлө деген — бул эркек менен аялдын ортосундагы союз деген нерсени бекитип, бала тарбиялоодо үй-бүлөнүн жоопкерчилиги бар, ошону алып келели деп жатабыз. Адам укугун коргойбуз деп болгон конвенцияга кошулуп алыптырбыз, аларды да иреттеп, чыга турганынан чыгалы деп жатабыз», — деп жооп берди Жапаров.

СПИД менен күрөшүүгө бөлүнгөн акча жана депутаттардын тынчсыздануусу

Депутаттар СПИДге каршы күрөшүү боюнча Дүйнөлүк фонддон түшкөн акча кайсыл жакка жумшаларын буга чейин да талкуулашкан. Март айынын башында депутат Жылдыз Садырбаева СПИДге каршы күрөшүү боюнча Дүйнөлүк фонддон түшкөн акчанын көпчүлүк бөлүгү бир жыныстуу никелерди колдоого жумшаларын айткан.

Анда эл өкүлү кесиптештерин бул маселеге каршы чыгууга чакырган. Ал 2022-жылдын декабрында каражатты бөлүштүрүүчү комиссиянын курамына кирген.

«Гранттын 4,5 миллион долларын ПРООНдо иштегендер өздөрүнө эмгек акы катары алып калат экен. "Коомдорду бекемдөө системасы" деп 226,2 миң, "Эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер үчүн алдын алуу чараларынын пакети" дегенге 884 миң доллар алууга белсенип жатат. Анысы эмне экенин эч ким түшүндүрүп бербейт, андыктан акча көмүскөдө калууда. Биз лесбиянкалардын, гомосексуалдардын коомун бекемдеп жатабызбы эмне, түшүнбөй жатам», — деген анда Садырбаева.

Парламент спикери Нурлан Шакиев кесиптешин колдоп, Кыргызстандын келечеги тууралуу сөз болуп жатканын айтып, депутаттарды жакшылап ойлонууга чакырган. Ал Жогорку Кеңештин профилдик комитеттерине бул жаатта минкаб менен иш алып барууну тапшырган.

«Бейөкмөт уюмдар биздин жаштарды кайсы жакка алып баратат? Келечегибизге өтө чоң сокку, бул жерде трансгендерлер жөнүндө сөз болуп жатат. Тилекке каршы, биз маани бербеген менен мындай терс көрүнүш аябай тез өсүүдө. Аны менен кескин күрөшүүбүз керек. Улуттук чоң көйгөй, кесепети аябай жаман болот», — деп кошумчалаган ал.

Ал эми ВИЧ жана туберкулёз илдети боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айбар Султангазиев депутаттар айтып жаткан сумма жаңылыш экенин билдирген. Анын айтымында, акча олуттуу оорулар менен күрөшүүгө багытталат.

«27,8 млн доллар берилет. Эки ооруу менен күрөшүүгө багытталат — ВИЧ жана туберкулёз. Акча дээрлик тең экиге бөлүнөт. 12 млн доллары дары-дармек жана медициналык каражаттарды сатып алууга жумшалат. Туберкулёзго каршы препараттар, лабораториялар же АРВ-препараттар, балдар үчүн препараттар, тест-реагенттер сыяктуулар. 4 млн доллардайы саламаттык сактоо системасына бөлүнөт», — деп түшүндүргөн ал.

Ошондой эле ал долбоордо ЛГТБ-коомчулугу сыяктуу маанилүү топтор эмнеге көрсөтүлгөнүн түшүндүрүп берген.

«Каражаттар эмне үчүн аларга багытталган дейсизби? ВИЧтин таралышы, айталы, инъекциялык баңги заттарды керектегендердин арасында 16,5%ды түзөт. Трансгендерлердин арасында болжол менен (изилдөөлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатабыз) 19%. ВИЧтин эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектердин арасында таралышы 10,8%га өскөн. Негизи бул ар бир бешинчи трансгендер жана эркек менен жыныстык катнашка барган ар бир онунчу эркекте (МСМда) ВИЧ бар дегендик. Ошондуктан Дүйнөлүк фонд ВИЧ көбүрөөк тараган топторду [белгилеп] көрсөтүүнү сунуштай», — деп белгилеген Султангазиев.

Республикалык «СПИД» борборунун маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-ноябрына карата өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен жашаган 12 миң 39 киши катталган. Кыргызстанда ВИЧ депутаттар айткандай гомосексуалдык эмес, негизинен гетеросексуал адамдардын арасында көбүрөөк тараган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Секс талкуу: ВИЧ/СПИД деген эмне, аны менен жашаса болобу?