Кыргызстан БУУда Орусиянын Украинага кол салганы белгиленген резолюциясына добуш берүүдөн карманды

Казакстан менен Кытай БУУнун Башкы ассамблеясында Орусиянын Украинага кол салганы белгиленген «БУУ менен Европа Кеңешинин кызматташтыгы» жөнүндө резолюциясы үчүн добуш берди. Документтин тексти БУУнун расмий сайтына жарыяланды.

Добуш берүү 26-апрелде, БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында болду. 

Резолюцияны Армения, Грузия жана Түркияны кошуп, жалпы 122 мамлекет колдоду. Ал эми 18 мамлекет добуш берүүдөн карманды, алардын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан бар.

Резолюцияга беш өлкө каршы болду: Орусия, Беларус, Сирия, Никарагуа жана Түндүк Корея.

Резолюциянын преамблуасында, негизинен, «Орусиянын Украинага, андан мурда Грузияга карата агрессиясы» тууралуу айтылат.

Документ талкууланып жатканда Орусиянын өкүлү кириш бөлүктө Орусия тууралуу сөз болгондуктан Орусия Федерациясы бул документти колдобой турганын билдирди. Анын пикиринде, тексттин преамблуасында «камтылган айыптардын» резолюцияда көтөрүлгөн маселелерге тиешеси жок жана анын «саясий гана мүнөзү бар».

Европа Кеңеши — адам укуктары жаатында кызматташтыкка көмөктөшкөн Европадагы байыркы эл аралык уюмдардын бири. Ага 47 өлкө мүчө. Европа Кеңешинин жетишкендиктеринин бири болуп Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндөгү Европа конвенциясынын иштелип чыгып кабыл алынганы эсептелет.

2022-жылдын мартында Орусия Европа Кеңешинен чыгуу процедурасын баштаган.

Борбор Азиядагы бир дагы мамлекет Орусиянын Украинага кол салуусун расмий колдоп да, айыптаган дагы эмес. Ошол эле учурда, чөлкөмдөгү беш өлкөнүн төртөө, анын ичинде Кыргызстан дагы БУУнун Башкы ассамблеясынын 24-февралдагы сессиясында Орусиян Украинага кол салуусун айыптаган резолюциясына добуш берүүдөн карманышкан.

Кыргызстандын Украинада согуш ачкан Орусия менен кызматташтыгы 

Орус армиясы Украинага 2022-жылдын февралында кол салган, Орусия баштаган согуш азыр да уланып жатат.

Батыш өлкөлөрү аскердик кол салууну сынга алып, Орусияга карата көп сандагы санкцияларды салган. Мындан тышкары, батыш өлкөлөрү Орусияга көмөктөшкөн өлкөлөргө карата санкция киргизилерин бир нече жолу эскерткен.

БУУнун 2023-жылдын 24-апрелиндеги маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери 8 574 жай тургун каза таап, дагы 14 миңден ашыгы жабыркаган.

Орусиянын Украинага кол салганына жана Путинди камакка алуу боюнча ордерге карабастан, Кыргызстандын бийлиги мурдагыдай эле Орусия тарап менен тыгыз кызматташып, достук мамилени бекемдөө тууралуу дайыма айтып келет.

ЖККУ менен ЕАЭБдин курамына кирген Кыргызстан британиялык The Economist журналынын маалыматына ылайык, «Орусиянын досторунун» рейтингинде үчүнчү орунду ээлеген.

Эксперттер Кыргызстан Орусияга батыш санкцияларынан буйтап өтүү үчүн жардам берип жатат деп болжошууда. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, соңку жылы Орусияга жасалган реэкспорттон Кыргызстан 36 млрд сом пайда көргөн.