Эки цитата: Шакиев кыргыз-орус мамилеси тууралуу — Жогорку Кеңеш менен Мамдуманын версиялары

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев 25-апрелде Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бирок жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жарыяланган Жогорку Кеңеш менен Мамдуманын пресс-релиздеринде бир аз айырмачылыктар байкалды.

Эки пресс-релизде тең Шакиевдин кыргыз-орус мамилеси жөнүндө маанилик жактан окшош цитата берилген.


«Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк жылдан-жылга өнүгүп келет. Биз бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыктарбыз», — деп жазды анын сөзүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.


«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берген толук өз ара түшүнүшүү бар. Кыргыз Республикасы ишеним жана өз ара достуктун негизинде дайыма Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү болгон жана боло да берет», — деп жазды кыргыз спикеринин сөздөрүн Мамдуманын басма сөз кызматы.


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана парламенттин 9 депутаты 25-апрелде расмий иш сапар менен Орусияга кеткен. Шакиев баштаган топ ал жакка президент Садыр Жапаровдун Орусияга боло турган расмий иш сапарынын алдында кетишкен. Президент расмий иш сапарынын алкагында СССРдин Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германияны жеңген күнүнө арналган Москвада өтүүчү парадга катышары күтүлүүдө.

Кыргызстандын расмийлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салып, анын аймактарын басып алуу аракетин токтотпой жаткан Орусия менен достук мамилени өнүктүрүү керектигин далай эле айтып жүрүшөт.

Батыш өлкөлөрү Орусияны аскердик кол салуусу үчүн айыптап, ага карата мурда-кийин болуп көрбөгөндөй санкцияларды колдонушкан. Батыш өлкөлөрү Орусияга жардамдашып аткан өлкөлөргө дагы санкциялар салынарын эскертип келишет.

БУУнун 2023-жылдын 23-апрелине карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салып киргенден тартып 8 миңден ашык жай тургун каза таап, дагы 14 миңден ашыгы жабыркаган.