Чүйдө 40 миң доллар акча опузалоого шектелип блогер кармалды

Шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИБи

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 76 жаштагы кишиден опузалап 40 миң доллар акча талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу 3-майда «Клоопко» облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 18-апрелде жаран «терс мазмундагы видеотасманы жарыялайм» деп коркутуп акча алып жүргөн блогерге карата райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Ал жалпы 40 миң доллар талап кылып, 37 миң 300 доллар алганын жана көбүрөөк акча талап кылууну улантканын айткан.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Опузалап акча талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү Б.У. социалдык тармактарда коррупцияга каршы күрөш, транспорт каражаттарын техникалык кароо жаатындагы материалдарды активдүү жарыялай турганы маалым болгон.

Учурда тергөө уланып жатат.

«Акипресс» басылмасынын маалыматына ылайык, шектүү — блогер Улан Бекмуратов. Буга чейин жол кайгуул кызматкерлери блогер мыйзамсыз тонировка колдонгону үчүн айып салып жатканда унаасын өрттөөгө аракет кылган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Шантаж кылган». Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка мажбурлап иштетип жүргөн блогер кармалды