«Шантаж кылган». Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка мажбурлап иштетип жүргөн блогер кармалды

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад шаарында кыздарды шантаж кылып, сойкулукка мажбурлап иштетип жүргөн блогер кармалды. Бул тууралуу 29-апрелде облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык милицияга бир адам көмүскө жайларды уюштуруп, кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Милиция бул боюнча «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү блогер экени, 25 жана 27 жаштагы кыздарды «сойкулук кылат» деп соцтармактагы барактарына сүрөттөрүн жарыялап саларын айтып, шантаж кылганы аныкталган.

Милиция кызматкерлери кыздар иштеген шаардагы батирди тинтүүгө алып, тиешелүү далил буюмдарды тапкан. Шектүү катары 34 жаштагы кишини кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.