Эркин ЖМКга эч кандай чектөө жок — Султанбаев АКШнын «Азаттык» боюнча билдирүүсүнө жооп берди

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев АКШ Конгрессинин «Азаттык радиосунун» жабылышы боюнча жасаган билдирүүсүн орунсуз жана негизсиз деп атап, Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы барагында жазды

Буга чейин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол «Азаттык радиосунун» ишмердигин токтотуу аракеттерин сынга алган.  

«Мен кыргыз өкмөтүнүн эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарына жасаган одоно чабуулун, алардын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын ишин токтотуу аракетин айыптайм. “Азаттык” радиосу Кыргызстандын Конституциясы эркин басма сөз укугуна кепилдик берген жарандарга калыс жана көз карандысыз маалымат жеткирет. Эркин маалымат каражаттарын цензуралоо мүмкүн эмес жана Конституцияга каршы келет. Кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосун жабуу чечимин тезинен жокко чыгарып, “Азаттыктын” ишмердигине коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууга чакырам», — деген ал.

Султанбаев Конгресс Кыргызстандан алыс жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей туруп билдирүү жасады деп жооп берди. 

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык" чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган. Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок», — деп жазды Султанбаев.

Анын айтымында, Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө, анда сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. 

«Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт — өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл», — деп белгиледи ал. 

 «Азаттыктын» ишин токтотуу боюнча сот

«Азаттыкты» ЖМК катары ишмердигин токтотуу боюнча акыркы сот 27-апрелде болду. Сот Маданият министрлигинин басылмага каршы доо арызын канааттандырды.

Судьялардын айтымында, чечимди Бишкек шаардык сотунда даттанса болот. 

«Азаттыктын» адвокаты Тимур Султанов «Клоопко» курган маегинде соттун чечимине макул эместигин жана апелляциялык арыз даярдай турганын билдирди. 

«Азаттыкка» каршы доо арыз берүүгө «Настоящее время. Азия» берүүсүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу видеоматериал себеп болгон. Бул чыгарылыш «Азаттыктын» сайтын белгисиз мөөнөткө бөгөттөөгө негиз болгон.

2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

«Азаттык Медианын» иш-аракети, арыз ээлеринин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.