Сот «Азаттыктын» ЖМК катары ишмердигин токтотуу боюнча министрликтин арызын канааттандырды

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Маданият министрлигинин «Азаттыкка» каршы доо арызын канааттандырып, басылманын ЖМК катары ишмердигин токтотуу чечимин чыгарды.

«Азаттыкка» каршы доо арыз берүүгө «Настоящее время. Азия» берүүсүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу видеоматериал себеп болгон. Бул чыгарылыш «Азаттыктын» сайтын белгисиз мөөнөткө бөгөттөөгө негиз болгон.

2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

«Азаттык Медианын» иш-аракети, арыз ээлеринин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.

Судьянын айтымында, чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанууга болот.