Ысык-Көлдүн тургуну дарыгерлер баласын «өлүү төрөлдү» деп башкага берип салганын айтууда

Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Талды-Суу айылынын тургуну Кундуз Калыбекова 2020-жылы туулган баласын төрөтканада «айырбаштап» койгонун айтып «Клоопко» кайрылды. Калыбекова укук коргоо органдары үч жылдан бери эч кандай чара көбөй жатканына нааразы.

Ал эми оорукананын директорунун ошол кездеги орун басары аялдын айыптоолорун четке кагууда.

Эмне болду?

Биздин редакцияга кайрылган Кундуз Калыбекова төрт баланын энеси. Ал мындан үч жыл мурда Ак-Суу районундагы төрөтканада бешинчи баласын жарыкка алып келген. Бирок медиктер ымыркайды «өлүү төрөлдү» деп айтышкан. Ал эми Калыбекова болсо баланы төрөткананын кызматкерлери Бактыгүл Исаева аттуу акушер айымга «берип салган», кийин Исаева үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кеткен деп айтууда.

«Бир ооруканадан экинчисине жиберип ортодон эсимди оодарышты. Мурда өзүм эле төрөп келсем, мында кыйнап, кесарево кылышты. Наркоз бергенден кийин шашылыш алып киришип, ошол бойдон үч күн жатып көзүмдү ачтым. Баламды көрсөтүшкөн жок, жолдошума да көрсөтпөй, таң атканда “Караколдун өлүкканасынан алып кет” дешиптир. Акушер кошо барып “ушул бойдон ачпай көм” дептир», — деп окуяны түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, төрөттөн кийин дарыгерлер «уруксатсыз жатынымды да алып салышкан» деп көзүнө жаш алды.

Калыбекова кийин төрөткананын документтерин териштире баштаган. Анда өзү көз жарган 17-сентябрь күнү «өлүү төрөлүү учуру катталбаганын» аныктаган. Андан бери укук коргоо органдарына көп ирет кайрылып, бирок иш жабылып калганын айтат. Ал эми акыркы жолу жолу үстүбүздөгү жылдын 28-февралында дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

«УКМКга кайрылгам, алар жаптырып салды. Кийин Ак-Суу РИИБине кайрылдым. Алар алсыз жеримден кармашып “Жатының жок экен, күйөөңө айтып, ажыраштырып салабыз” деп коркутушту. Себеби бул менин экинчи турмушум [...] Чуркап жүргөнүмө үч жыл болот. Факты турса дагы жаптырып салып жатышат. Милиция милициянын, дарыгерлер дарыгерлердин [айыбын] жашырып жатышат», — деп нааразы болду ал.

Төрөткананын жетекчилиги жана укук коргоо органдары эмне дейт?

Ак-Суу районундук аймактык ооруканасында 2020-жылы директорунун орун басары болуп иштеген Роза Түнгатарова Калыбекованын айыптоолорун четке какты. Ал ооруканада баланы алмаштыруу болбогонун, дарыгерлер операция жолу менен «өлүү баланы» алып чыгышканын билдирди.

«Жатынынан кан кетип биздин ооруканага келген. Дарыгерлер тез арада операция кылып, бала өлүү төрөлгөн. Бактыга жараша, аял аман калган. Ымыркайы тирүү төрөлсө бир жөн, өлүү төрөлгөн баланы эмнеге алмаштырабыз? Туура эмес маалымат берилип жатат, андай болгон эмес», — деди ал.

Түнгатарова медиктер аялдын жатынын алып салууга аргасыз болгонун, «кан уюп, карайып кеткенин» кошумчалады.

Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов «Клоопко» бул боюнча «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Ал учурда иш Ак-Суу райондук милициясында өндүрүштө экенин белгилеп, тергөөчүлөр экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышканын айтты.

«Кылмыш иши боюнча азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Комиссиялык топ экспертиза дайындаган. Жыйынтыгы азырынча чыга элек. Комиссияга так профилдик адистер катышкан. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишин тергөө аягына чыгып, сотко жөнөтүлөт», — деп билдирди ал.

Негизги бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Операция жасаткан угуусу начар балдардын реабилитациясына акча бөлүү кечеңдеп жатат. Министрлик эмне дейт?