Кемпир-Абад ишинин фигуранттары президентке коомдук импичмент жарыялоону демилгелешти

4-майда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан активист, саясатчылар президент Садыр Жапаровго коомдук импичмент жарыялоону демилгелешти. Бул тууралуу алардын өлкө башчысына жолдогон кайрылуусунда айтылат.

Кайрылгандар алты айдан бери 37 тергөөчү, ондогон ыкчам кызматкер айыпталуучуларга коюлган кинелер боюнча «бир дагы далил таба алышпаганы», кийин «шашылыш түрдө кошумча айып» тагылганын белгилешти.

«Кемпир-Абад ишинин» фигуранттары өздөрүнө жана жакындарына карата «эч негизсиз жана мыйзамсыз, орду толгус моралдык-саясий, материалдык, физикалык жана психологиялык кыйноо, басмырлоо, шылдыңдоо, адамгерчиликсиз мамиле» эң жогорку мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатканын, аларды сындыруу жана президенттен кечирим суратуу аракети болгонун белгилешти.

«“Кемпир-Абадчылар” сизден эч качан кечирим сурабайбыз. Себеби, биз мамлекет, эл, мыйзам алдында эч кандай күнөө кылган жокпуз. Тескеринче Конституция, мыйзамдарды эки жылдан бери сиз, командаңыз менен бузуп жатасыз. Ошондуктан өзүңүз бизден, элден кечирим сурап, президенттик кызматтан өз ыктыярыңыз менен тынч кетсеңиз туура болот деп эсептейбиз!» — дешти алар.

Президентке коомдук импичмет жарыялоодо «Баткендеги соңку эки кандуу окуя, Кемпир-Абад суу сактагычы, Кумтөр сыяктуу кен байлыктардагы коррупция, соттолгон, качкын кылмышкерлерди легалдаштыруу, адам укуктарын бузуу, эркин саясатчыларды, журналисттерди куугунтуктоо менен катар “Азаттыкка” окшогон эркин медиаларды жабуу, “кустуруу”, парламент менен соттун ишине кийлигишүү» сыяктуу жети маселе негиз катары көрсөтүлдү.

«Биздин бул билдирүү “Ормон опуза” же “турсам өлөсүң” эмес, мындан кийинки боло турган реалдуу саясий күрөштүн укуктук фундаментин түзөт. Сиз президенттик кызматтан токтоосуз кетпесеңиз, Кыргызстанда дагы бир саясий толкун же граждандык согуш чыкканы турат», — дешти Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткен менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Кармалгандардын көбү дагы эле камакта калууда.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул бир катар юристтердин нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөрдү жарым-жартылай алып салган.

12-апрелде Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишинин айрым фигуранттарын үй камагына чыгарган. Айрымдары дагы деле абакта.