Кемпир-Абад иши: Рита Карасартова абакта калтырылды

Укук коргоочу Рита Карасартова 20-июнга чейин Бишкектин ТИЗО-1де камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 2-майда чыгарды.

Кемпир-Абад иши боюнча 30 активист, саясатчы жана укук коргоочу кармалган.

Карасартовадан тышкары сот саясатчы Равшан Жээнбеков менен активист Эрлан Бекчоро уулун да камакта калтырды. Муну менен шаардык сот Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды, ага ылайык, экөө тең 2023-жылдын 20-июнуна чейин ТИЗО-1де болот.

Буга чейин 12-апрелде Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишинин айрым фигуранттарын үй камагына чыгарган болчу.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан. Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.
Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткен менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Кармалгандардын көбү дагы эде камакта калууда.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул бир катар юристтердин нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөрдү жарым-жартылай алып салган.