Жогорку Кеңеш Өзбекстан менен чек арадан ID-карта аркылуу өтүүгө уруксат берген мыйзамды колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары 3-майда Кыргызстандын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндөгү макулдашуусунун келишимин ратификациялашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар жактырып берген макулдашуу эки өлкөнүн жарандарына мамлекеттин аймагына ID-карта менен тоскоолдуксуз кирип чыгууга жол берет.

Кыргызстандын ТИМнин өкүлүнүн айтымында, Өзбекстандын жарандары үчүн 60 күндүк мөөнөткө чейинки визасыз режим орнотулду.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын ID-карта боюнча кирип чыгуулары тууралуу протоколдорго эки өлкөнүн президенттери 2023-жылдын январында кол коюшкан. Жаңы кирген эрежелер транспорттун бардык түрүнө жайылтылат, ал эми чек арадан өткөндүгү жөнүндө маалымат электрондук түрдө каттоого алынат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы макулдашуунун ратификациясына 2023-жылдын 27-апрелинде кол койгон.