Садыр Жапаров: Сөз эркиндиги жана адам укуктары — биздин негизги приоритет

Президент Садыр Жапаров сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо анын негизги приоритети экенин билдирди. Мындай билдирүүнү өлкө башчысы «сөз эркиндигинин» дүйнөлүк рейтинги жарыяланган шартта жасады. Ал рейтингде Кыргызстан акыркы бир жылда 50 сап ылдыйлаган.

«Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер деген принцип сакталат», — деди өлкө башчысы Бишкекте Конституциянын 30 жылдыгына арналып өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөп жатып.

Анын айтымында, мамлекет «демократиялык жалпыга таанымал принциптерди» ырааттуу түрдө бекемдеп, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин кепилдигин чыңдайт.

Буга чейин «Чек арасыз журналисттер» эл аралык уюму «басма сөз эркиндигинин» дүйнөлүк рейтингин жарыялаган. Анда Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу 50 сап артка жылып, 122-орунга түшкөн.

Алардын маалыматына ылайык, кыргыз бийлиги дагы деле бардык салттуу ЖМКны көзөмөлдөп, өз таасирин ЖМК аркылуу жайылтууга аракет кылып келет. Уюмдан саясий лидерлер ЖМКны өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн пайдаланышарын, ал эми мамлекет журналисттердин маалыматка болгон жеткиликтүүлүгүн чектеп жатканын белгилешти.

«Көз карандысыз ЖМК бийликти сындаганы үчүн такай айыпталат. Айрым учурда алар коррупция тууралуу макалаларды жарыялагандан кийин киберчабуулга кабылышат. Репортёрлор митинг жана демонстрациялар учурунда чабуулга кабылгандай эле иликтөөчү журналисттер зомбулукка кабылышат», — деп айтылат докладда.

Кыргызстандагы сөз эркиндиги

Үстүбүздөгү жылдын 12-январында Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 2022-жылга сөз эркиндиги менен адам укуктарынын абалына баа берип, Кыргызстанда сөз эркиндигине басым уланып жатканын белгилеген.

Уюмдан өткөн жылы өлкөдө «сөз эркиндиги сокку астында калганын» жана бир катар көз карандысыз журналисттер, блогерлер жана ЖМКга карата кылмыш иштери козголгонун айтышкан.

Буга иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганы, «Азаттыкты» жабуу, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул саясатчылардын, активисттердин камакка алынышы далил боло алат.

Бирок буга карабастан бийлик өлкөдө сөз эркиндигине эч кандай басым жок экенин айтып келет. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, «Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө, анда сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок».