Бир кадр менен: Садыр Жапаров Ржевде кыргыз жоокерлерине арналган мемориалды ачты

Садыр Жапаров Улуу Ата-Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы кагылышта курман болдгон кыргыз жоокерлерине арналган мемориалды ачты. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров 7-майда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен бирге Ржев шаарында *Улуу Ата-Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлерине арналып тургузулган мемориалды ачты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жапаров менен Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

«Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Мемориалды орнотууну кыргыз тарап демилгелеген. Жапаровдун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мемориалдын курулушуна кеткен чыгым «Кыргызстандын элдик каражатынан да сарпталган».

Жапаровдун Москвага сапары Орусиянын Украинага кол салуусунун шартында өтүп жатат. Садыр Жапаров — жыл сайын өтүүчү парадга катышуу үчүн Москвага барган жалгыз чет өлкөлүк президент. Параддан кийин Жапаров орус президенти Владимир Путин менен жолугары күтүлүүдө.

Кыргызстандын президенти Москвага Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барды. Путинге карата мурдараак Эл аралык жазык соту аскердик кылмыштары үчүн камакка алуу ордерин чыгарган. Жапаровдон тышкары Орусиянын башчысы Москвадагы парадга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмону дагы чакырган. Бирок орус басылмалары Рахмондун басма сөз кызматына таянып, тажик президенти азырынча Москвага келүү чечимин кабыл ала электигин билдиришкен.

*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салгандагы өнөктөшү СССРге кол калган күндөн башталат.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда немис аскерлеринин Польшага кол салуусу менен башталган. Сентябрдын ортосунда СССР, Германиянын өнөктөшү болуп турган учурунда Польшанын аймагына бастырып кирген. Бир айдын ичинде Польшанын аймагы Германия менен СССРдин ортосунда экиге бөлүнгөн. Польшага кол салууга жооп кылып Франция менен Улуу Британия Германияга согуш ачкан. Бул алты жылга созулган, адамзаттын тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн согуштун башталышына жол ачкан.

1945-жылы Борбордук Европа убактысы менен 8-май күнү кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт немис аскерлерин ок аутууларды токтотуп, куралдарын таштоого милдеттендирген. Орусияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келет.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.