Украина Борбор Азия башчыларынын 9-майда Москвадагы парадга катышканын айыптады

Украинанын ТИМи Бобор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин 9-майда *Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнө карата Москвададагы парадга катышканын айыптаган билдирүү жарыялады.

Парадга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Беларустун президенттери, ошондой эле Армениянын премьер-министри катышкан.

Украинанын ТИМи параддын башында турган Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясы 2022-жылдын февралында Украинага кол салгандыктан аскердик кылмыштар үчүн эл аралык издөөдө турганын эске салды.

«Чет өлкө лидерлеринин Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болуп көрбөгөндөй масштабда согуш баштаганы үчүн сыймыктанып жүргөн аскер кылмышкеринин катарында коомдук иш-чарага катышуусун Украинага карата адеп-ахлаксыз жана достукка туура келбеген, өзүнүн эркиндиги жана аман калуусу үчүн күрөшүп жаткан украин элин тоготпогондук кадам катары карайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен Борбор Азия жана Кавказ эли 78 жыл мурда нацизмди жеңүү үчүн эбегейсиз салым кошконун дагы кошумчалашты.

«Алар азыр нацизмди жеңгендердин эрдигине эч кандай байланышы жок Кремлдин жасалма аракеттерине катышып калган тагдырга татыктуу эмес», — деп билдиришти ТИМден.

Орусия Украинага ири алкакта кол салуусун 2022-жылдын 24-февралында баштаган. АКШ жана Евросоюз кол салууну айыптап, Орусияга каршы катаал экономикалык санкцияларды киргизген.

Ал эми 2023-жылдын мартында Гаагадагы Эл аралык сот орус армиясы Украинага кол салгандан кийин жасалган аскердик кылмыштар үчүн Путинди камакка алуу ордерин чыгарган.

Ошол эле учурда Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан дагы Орусия менен экономикалык жана достук байланыштарын колдоону улантышууда.

Ал арада батыш өлкөлөрү жана Европа Биримдиги Кыргызстандын бийлигине Орусияга каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүүдө жардам бербеши керектигин айтып эскертүү берген.

Ордер жана батыш өлкөлөрүнүн эскертүүлөрүнө карабастан кыргыз президенти Садыр Жапаров Путинди Бишкекке расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салгандагы өнөктөшү СССРге кол калган күндөн башталат.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда немис аскерлеринин Польшага кол салуусу менен башталган. Сентябрдын ортосунда СССР, Германиянын өнөктөшү болуп турган учурунда Польшанын аймагына бастырып кирген. Бир айдын ичинде Польшанын аймагы Германия менен СССРдин ортосунда экиге бөлүнгөн. Польшага кол салууга жооп кылып Франция менен Улуу Британия Германияга согуш ачкан. Бул алты жылга созулган, адамзаттын тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн согуштун башталышына жол ачкан.

1945-жылы Борбордук Европа убактысы менен 8-май күнү кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт немис аскерлерин ок аутууларды токтотуп, куралдарын таштоого милдеттендирген. Орусияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келет.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.