Экс депутат Жээнчороевдун талапкерлиги акыйкатчы кызматына көрсөтүлдү

«Республика — Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына көрсөтүлдү. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Kaktus.media басылмасына билдирди.

Акаевдин айтымында, Жээнчороевдин талапкерлигин үч фракция жактырды. Анын талапкерлигин парламенттеги «Альянс» фракциясы көрсөтүп жатат.

Мирлан Жээнчороев 2012-жылдан 2015-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинде «Республика» партиясынан депутат болгон, ал эми 2015-жылы «Республика — Ата-Журттан» Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына келген.

3-майда депутаттар буга чейинки акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан алышкан. Ал эми 27-апрелде Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укуктук маселелер боюнча комитети анын отставкасын колдогон.

Абдрахматованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көтөргөн.

Абдрахматова 19-апрелде 2022-жылга карата Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндама жасагандан кийин отставкага кеткен. Анда айрым депутаттар ага ишеним көрсөтпөө керектигин айтып, мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууну сунушташкан.

Кыргызстандын омбудсмени тууралуу мыйзамга ылайык, акыйкатчы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынган учурда, жаңы акыйкатчы мурдагы акыйкатчы ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде шайланышы керек.

Атыр Абдрахматова — Кыргызстанда омбудсмен болгон алгачкы аял. Бул кызматка ал 2022-жылдын мартында шайланып келген. Акыйкатчы кызматына чейин ал Бобордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп иштеген.