Жогорку Кеңештин комитети Атыр Абдрахматованын отставкасын колдоду

27-апрелде Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укуктук маселелер боюнча комитети Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин жактырды.

Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча акыркы чечимди депутаттар парламенттин жалпы жыйынында кабыл алат. Абдрахматованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушун «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы берген.

Буга чейин, 19-апрелде Абдрахматова 2022-жылга карата Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндама кылган. Анда айрым депутаттар ага ишеним көрсөтпөө керектигин айтып, мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууну сунушташкан.

Депутаттардын билдирүүсүнө Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму да реакция кылып, 26-апрелде Абдрахматованы коргогөн билдирүү жарыялаган.

Анда укук коргоочулар Кыргызстандын бийлигин Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткүчө акыйкатчы кызматынан албоого чакырышкан.

HRW уюму бийлик акыйкатчы аппаратынын көз карандысыз болуусун камсыздап, Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча мандатты тоскоолдуксуз ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүп берүүсү керек деп эсептейт.

«Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда жумуштан алуу анын жумушуна байланыштуу өч алуу экенин айгинелейт жана бул Кыргызстандын өкмөтү адам укугу жагынан эл аралык милдеттенмелерди аткарбай жатканынан кабар берет», — дейт Борбоор Азиядагы HRW изилдөөчүсу Сынат Султаналиева.

Атыр Абдрахматова Кыргызстандан биринчи жолу болуп айым акыйкатчы болуп шайланган. Бул кызматка аны 2022-жылы мартта дайындашкан.

Атыр Абдрахматова — Борбордук шайлоо комиссиянынын төрагасынын орун басары болгон. Ал 2020-жылдын октябрындагы шайлоодон кийин бийликтин алмашуусуна алып келген митингдерген соң БШКнын мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен кеткен.