Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну үйгө келген коногу тарабынан өлтүрүлдү

Ош шаарында 31 жаштагы жаран 41 жаштагы таанышын токмоктоп, андан соң балта менен чаап өлтүрдү. Бул тууралуу 10-майда Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 6-май саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну оор кылмыш жасаган соң кылмыш болгон жерден чыгып, унаа тосууга бара жатканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Ош шаарында жашаган таанышынын үйүнө конокко келип, бир нече бөтөлкө спирттик ичимдигин ичишкенден кийин үй ээси менен чырдашып, мушташа кетишкен. Натыйжада, үй ээсин уруп, андан соӊ балта менен чаап өлтүргөн.

Учурда Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык соту шектүүнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоого чечим чыгарды.