ИИМдин курсанты Айза Улан кызынын өлүмүнө шектелген айдоочу эки айга камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ИИМдин курсанты 24 жаштагы Айза Улан кызын өлтүрө сүзүп кетүүгө шектелген жаранды эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу 13-майда «Азаттык» басылмасы жазды.

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Азаттык/Нурболот Азамат

 

12-майда Прокуратура курсант кызды унаасы менен сүзүп кеткен шектүү кармалганын билдирген.

«Буга чейин бул ишке шектүү катары кармалган милициянын мурдагы кызматкери автоунаада болгон эмес жана уулун жазадан куткаруу үчүн күнөөнү өз моюнуна алганы аныкталды. Шектүүнүн атасы өзүнүн оорусу жана майыптыгы бар болгондуктан, камакка алынбашын билген жана уулунун бул кылмышка тиешеси бар экенин жашырып, жалган көрсөтмө берген», — деп билдиришти прокуратурадан.

Кармалган шектүү жашырынып, өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө камынып, бирок бул аракети ишке ашпаганы айтылды.

Улан кызынын өлүмү жана соттун чечими

ИИМдин академиясында окуган 24 жаштагы Айза Улан кызын 9-январда эртең менен унаа коюп кеткен. Айдоочу курсант кызды Республиканская көчөсүндө жолдон өтүп баратканда коюп кеткен. Андан кийин айдоочу окуя болгон жерден качып кетип, милициядан үч күн жашырынып жүргөн, бирок ал видеокөзөмөл камералары аркылуу табылып, кармалган.

17-январда Бишкектин Свердлов райондук соту аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган. Бул коомчулуктун нааразычылыгын жараткан, анын үстүнө шектүү мурда укук коргоо органдарында иштегени белгилүү болгон.

Натыйжада, судьялар маалымат жыйын куруп, шектүүнү эмне үчүн үй камагына чыгарышканын түшүндүрүп берүүгө аргасыз болушкан. Тергөөчү судья Айзада Исаеванын айтымында, шектүүнүн оорусу айыпталуучуларды же шектүүлөрдү камакка алууга жол бербейт.

Судья шектүүгө зарыл болгон учурда медициналык мекемелерге, сотко жана тергөө органдарына келип турууну эсепке албаганда «күн-түн үй камагында болуу жана башка чектөөчү бөгөт чарасын колдонгонун» белгилеген.

Соттун чечиминен кийин Айза Улан кызынын туугандары президент Садыр Жапаровго кайрылып, «Айзанын өлүмү үчүн күнөөлүү адамды адилеттүү түрдө жазага тартууну, ал эми тергөөчү судья Айзада Исаеванын ээлеген кызматын адилетсиз чечим чыгарганы үчүн кайра карап чыгууну суранышкан».

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ академиясынын курсантын өлтүрө коюп кеткен киши үй камагына чыкты