УКМК: «Эркечтам» көзөмөл өткөрмө жайындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду

«Эркечтам» көзөмөл өткөрмө жайы. Сүрөт: Интернеттен алынды

Ош облусундагы «Эркечтам» көзөмөл өткөрмө жайында жүктөрдү тоскоолдуксуз жана кезексиз өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу 16-майда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жоопкерчилиги чектелген эки ишкана чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен жашыруун келишим түзүп, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенишкен.

Аталган эки ишкана автотранспорт каражатынын ар бир айдоочусунан кезекке туруу үчүн 1000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын мажбурлап өндүргөн.

Ага ылайык, айдоочуларга «Эркечтам» көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу жүк ташуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. Ошондой эле контейнерлерди жана жабдууларды кайра жүктөө үчүн крандарды колдонуу 100 АКШ долларын түзгөн.

Атайын кызматтан коррупциялык схеманы бөгөттөө боюнча иш-чаралар жүк ташууну көбөйтүүгө жана анын наркын төмөндөтүүгө, жогоруда аталган субъекттер тарабынан түзүлгөн мыйзамсыз шарттарды жоюуга мүмкүндүк берерин билдиришти.

Андан сырткары салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, мамлекетке 14 млн сом зыяндын орду толтурулду. Учурда чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, 7-апрелде, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы өткөрмө бекетинде коррупциялык схема уюштурууга шектелип Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалган.

Шектүүлөр жүк ташуучу унаанын айдоочуларын бекеттен тоскоолдуксуз өткөрүү жана жүктүн салмагы белгиленген өлчөмдөн ашыкча экенин жашыруу үчүн акча талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Транспорт министрлигинин 13 кызматкери коррупциялык схема уюштурууга шектелип кармалды