Транспорт министрлигинин 13 кызматкери коррупциялык схема уюштурууга шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы өткөрмө бекетинде коррупциялык схема уюштурууга шектелип Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан 6-мартта билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр жүк ташуучу унаанын айдоочуларын бекеттен тоскоолдуксуз өткөрүү жана жүктүн салмагы белгиленген өлчөмдөн ашыкча экенин жашыруу үчүн акча талап кылышкан.

«Посттун кызматкерлери унаанын ашыкча салмагына жараша 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча алып турушкан. Бул ишке Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын айрым кызматкерлери да катышып, өз үлүшүн алып турушкан», — деп белгилешти мекемеден.

Атайын кызматтан шектүүлөр «кылмыштуу аракеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырып туруу максатында» УКМКнын өкүлдөрүнө пара берүү сунушу менен кайрылганын да кошумчалашты.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев бул боюнча билдирүү жасап, пара алган кызматкерлер мыйзам чегинде жооп бериши керек экенин билдирди.

«Мыйзам баарына бирдей! Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коррупция менен болгон күрөштү колдойт жана пара алган кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусу керек», — деди ал.

Автору: Бурулсун Жумалиева