Айыл чарба министрлиги: «Тойбосс» өндүргөн колбасадан чочконун ДНКсы табылган жок

Айыл чарба министрлиги «Тойбосс» компаниясы өндүргөн колбаса азыктарында чочконун ДНКсы чыккан жок деп билдирүү таратты. Маалыматты «Клоопко» министрликтин алдындагы Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов тастыктады.

«Даяр эт азыгы жана колбасадан алынган жалпы 57 үлгү Бишкектеги Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна, Орусиянын Иркутск облус аралык ветеринардык лабораториясына, Казакстандагы лабораторияга жөнөтүлгөн. Үлгүлөдүн баарынан чочконун ДНКсы табылган жок», — деди ал.

Апрелде Орусянын Россельхознадзор мекемеси адал эт азыктарын өндүргөн «Тойбосс» компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы менен соя аныкталганын кабарлаган. Мындан улам кыргызстандык компаниянын азыктарын өлкөгө киргизүүдөн баш тарткан. «Тойбосс» өз кезегинде мындай билдирүүлөрдү төгүндөгөн.

Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга салынган тыюу

Февралда Россельхознадзор эки жылдан бери Кыргызстандан алып келинген форелдердин курамында зыяндуу заттардын деңгээли ашык болгон учурлар кайталанганын билдирген.

21-апрелде Орусия Кыргызстандан сүт азыктарынын бардык түрүн импорттоону убактылуу токтоткон. Россельхознадзор импортту убактылуу токтотууга сүт азыктарын чыгарган кыргызстандык ишкана, ферма жана сүттү чогултуу жайларын текшерүүнүн жыйынтыгы себеп болгонун билдирген.

Жаралган жагдайга комментарий берип жатып минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бул жерде «чоң саясат көрбөй» жатканын айткан.

«Бул жерде биздин кызматтарга көбүрөөк суроолор бар… Бул жерде эч кандай чоң саясатты көрбөй элемин. [...] Бирок ЕАЭБдин төрт принциби (товар, капитал, кызмат жана жумушчу күчтүн аракеттенүү эркиндиги) иштебей жатканы мени катуу тынчсыздандырат. Биз товарлардын эркин аракеттенүүсүн камсыздашыбыз керек, бул, албетте, биринчи кезекте Орусияда», — деген ал.

25-апрелде Россельхознадзор Кыргызстандан барган 14,2 тонна жүгөрүнүн үрөнүндө ГМО бар экенин аныктаган. Айыл чарба министрлигинен «болгон окуянын себептерин тез арада изилдеп, мекемеге толук кандуу маалымат жөнөтөрүн» билдиришкен.

Сүрөт: 24.kg

ТЕМА БОЮНЧА: «Чоң саясат көрбөй элем». Акылбек Жапаров Орусия кыргыз импортун токтоткону тууралуу