«Чоң саясат көрбөй элем». Акылбек Жапаров Орусия кыргыз импортун токтоткону тууралуу

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстандын сүт азыктарын, форель жана форель икрасын Орусияга импорттоо убактылуу токтотулганы боюнча комментарий берди.


«Бул жерде биздин кызматтарга көбүрөөк суроолор бар… Бул жерде эч кандай чоң саясатты көрбөй элемин. [...] Бирок ЕАЭБдин төрт принциби (товар, капитал, кызмат жана жумушчу күчтүн аракеттенүү эркиндиги) иштебей жатканы мени катуу тынчсыздандырат. Биз товарлардын эркин аракеттенүүсүн камсыздашыбыз керек, бул, албетте, биринчи кезекте Орусияда», — деди Жапаров AKIpress басылмасына.


Анын айтымында, ал орус тарапка Кыргызстанда Роспотребнадзордун лабораториясы бар соода-логистикалык борбор курууну сунуштаган. Анда [товар] текшерилип, багыттоочу пломбалар коюлуп, сертификацияланып турмак. Өкмөт башчы орус тарап бул сунушту жактырганын жана кийинчерээк орус өкмөтүнүн башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен сүйлөшүү жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Февралда Россельхознадзор эки жылдан бери Кыргызстандан алып келинген форелдердин курамында зыяндуу заттардын деңгээли ашык болгон учурлар кайталанганын билдирген.

Апрелде Россельхознадзор адал эт азыктарын өндүргөн «Тойбосс» компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы менен соя аныкталганын кабарлаган. Компания бул билдирүүлөрдү төгүндөгөн.

21-апрелде Орусия Кыргызстандан сүт азыктарынын бардык түрүн импорттоону убактылуу токтоткон. Россельхознадзор импортту убактылуу токтотууга сүт азыктарын чыгарган кыргызстандык ишкана, ферма жана сүттү чогултуу жайларын текшерүүнүн жыйынтыгы себеп болгонун билдирген.