«Ири өлчөмдө алдамчылык». УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 23-майда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун төрт мүчөсүн кармады. Алар «көп жылдан бери ири өлчөмдө алдамчылык» кылган деп шектелүүдө.

Маалыматына ылайык, Чүй облусу жана Бишкек шаарынын аймагынан колго түшкөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кытайдан ташылган эл керектөөчү товарларды тартып алып, кийин КМШ өлкөлөрүндө туруктуу кылмыштуу схема уюштурушкан.

«Алардын алдамчылык жол менен жеке транспорттук-логистикалык компаниянын болжол менен жалпы суммасы 385 миң долларды түзгөн эл керектөөчү товарын мыйзамсыз түрдө тартып алышканы аныкталды», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен иш козголгон, кылмыштуу топтун мүчөлөрү: «Алтуха», «Протез», «Кения» каймана атуу шектүүлөр жана А.К убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Укук коргоо органдары «Алтуха» каймана аты менен белгилүү Алтынбек Ибраимовду буга чейин да бир нече жолу кармаган. ИИМ 2021-жылы ага түшүдүрү иштерин жүргүзүп, «расмий эскертүү» беришкен.

Бирок эки күндөн кийин Ибраев кылмыш ишине тиешеси бар деп кармалган. Ошол эле жылы 16-январда Биринчи май райондук соту Ибраимовду үй камагына бошоткон.

Алтуха деген ким?

Көзөмөл органдардын маалыматы боюнча, Алтынбек Ибраимов жети жолу соттолгон, криминалдык дүйнөдө «положенец» жана Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү.

Ибраимовдун аты опузалап пара алганы үчүн 2015-жылы кармалгандан кийин белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал шериктери менен ишкер Руслан Матниязовду күч менен унаага салып, тоого алып чыгып, андан 80 миң доллар талап кылышкан.

Ибраимов жана шериги Тынчтык Орозалиевге «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча айып тагылган. Бирок райондук сот аларды актап, бошотуп жиберген.

Анда жабырлануучунун аялы соттун чечимине Бишкек шаардык сотуна даттанган. Шаардык сот Алтуханы 11 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң 2017-жылы Свердлов райсоту Ибраимовду опузалоо боюнча күнөөлүү деп табууга далилдер жетишсиз деген жүйөө менен жазадан бошоткон.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА: УКМК Камчы Көлбаевди чек ара режимин бузууга шектеп кармап, протокол түзүп коё берди