УКМК Камчы Көлбаевди чек ара режимин бузууга шектеп кармап, протокол түзүп коё берди

«Мыйзамдагы таажылуу ууру» катары белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаев жана анын 10 кишиси кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги Карасай өткөрмө бекетинен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 18-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Көлбаев 16-ноябрда санаалаштары менен Жети-Өгүз районундагы «Булат-М» мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда колго түшкөн.

УКМКдан Көлбаевдин жана анын жакын санаалаштарынын аракетинде «мамлекеттик чек ара жана чек арадагы өткөрмө бекетинин режимин бузуу» (Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 429-беренеси) боюнча кылмыштын белгилери байкалганын айтышты.

«Алардын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Мыйзамга ылайык, кармалгандарга карата камакка алуу боюнча протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал табылып алынды», — деп белгилешти атайын кызматтан.

УКМКнын басма сөз кызматы «Клоопко» протокол түзүлгөндөн кийин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кармалгандар бошотулган деп билдиришти. Бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда.

Камчы Көлбаев 2020-жылдын октябрында да кармалган болчу. УКМКдан Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген. Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталган. Ноябрда ал №47 түзөтүү абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Бирок, 2021-жылдын 2-мартында Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевди эч жакка кетпөө шарты менен бошоткон. Ошондон бери анын кайда экени белгисиз болчу.

Көлбаев деген ким?

Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Тема боюнча:

Кримтөбөл Камчы Көлбаевди эч жакка кетпөө шарты менен бошотулду