«Менин убактым өтө аз калды». Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын эскертти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-майда Фейсбук барагынан кайрылуу жасап, «коррупцияга жана оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын» билдирди.

«Ушул жогорудагы мамлекеттин түпкүлүгүнө оор залакасын тийгизген кылмыштуулуктун түрлөрү менен күрөшүп келе жатабыз, бирок токтото албай жатабыз. Ушул күрөштү үч этапка бөлгөнбүз: күрөштү системалдаштыруу, багытын аныктоо, мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү жана маалымат түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо», — дейт ал. 

Ал биринчи этап бүткөнүн айтып, «ага өтө көп эмгек жумшадык» дейт. 

«Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз. Буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен жеңилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы бардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүш керек: биз аёосуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз», — деп жазды Ташиев.

УКМКнын төрагасы аталган этап 1-1,5 жылга созулат деп божомолдоду. Ал «бул күрөш оор болорун» айтып, «мен бала, бир тууган, дос-жолдоштор жана туугандардан баш тартуум керек» деп белгиледи. 

«Бул өтө оор, аткарылышы татаал жана кооптуу тапшырма, бирок мен муну аткарамын, башка менде жол жок! Же мени коорупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын! Мамлекет башчыбыздын менин алдыма койгон тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз  бирдикте күчтүү, акыйкаттуу мамлекетти курабыз! Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды! Үлгүрүшүбүз керек!» — деп жазды Ташиев.

Коррупцияга каршы күрөш

Садыр Жапаров өлкө башчылыгына келгенден кийин коррупция менен күрөшүүнүн ыкмасы катары «кустуруу» жарыялаган. Ага ылайык, коррупцияга айыпталган чиновниктер УКМК белгилеген зыяндын өлчөмүн төлөп, эркиндикте кала берет. Коррупцияга каршы күрөштү жана чиновниктерди кармоо ишин Жапаровдун жакын досу, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев алып барууда.

УКМКнын башчысы ведомство коррупция менен жигердүү күрөшөрүн далай жолу айткан. Бирок чуулуу кармоолор көбүнесе коррупцияга айыпталган чиновниктер УКМК аныктап берген зыяндын өлчөмүн төлөгөн соң үй камагы менен аяктачу. Эң эле чуулуу кармоолордун бири — Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун кармалуусу.

Алгоритмге ылайык, өндүрүлгөн каражаттар алгач УКМКнын депозиттик эсебине, андан соң Каржы министрлигинин эсебине, ал жерден кайра чыгымдардын беренелери боюнча бөлүштүрүлөт.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча Президенттин фондуна да которулушу мүмкүн. Ал эми фонддун акчасын кандай коротууну өлкө башчысы өзү чечет.

Кустуризациядан түшкөн акча кайда жумшалып жатканынын отчёту ачык булактарда жарыяланбайт.

ТЕМА БОЮНЧА: Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн кирешени эки эсе ашырып айткан