Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн кирешени эки эсе ашырып айткан

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн биринчи Элдик Курултайда коррупция каршы күрөштүн натыйжасында 15 млрд сомдон ашык каражат чогулганын билдирген.

Президент аталган билдирүүсүндө так сумманы билбесин, бирок тоголоктоп айтканын белгилеген.

«Мен азыр эсеп-чотун билбейм, баш-аягы 15 миллиардан ашык сом жыйналды. Прокуратура, УКМК, ИИМден болуп отуруп», — деген Жапаров.

Ал эми 2022-жылдын апрелинде Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн 11 миллиард сом жыйналганын айткан.

Ноябрдын аягында Финансы министрлигинин сайтында Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Талант Келдибековдун комментарийи жарыяланган.

Анын айтымында, 2020-жылдан тартып коррупцияга каршы күрөштөн республикалык бюджетке 7,8 млрд сом түшкөн. Буга 2022-жылдын 10 айы да кошулган.

«Анын ичинен 2020-жылы 2 млрд 719 млн сом которулган, 2021-жылы 1 млрд 915 млн сом, 2022-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен 3 млрд 231 млн сом которулган», — деп маалымат берген Келдибеков.

Ал эми 2021-жылдын октябрында финансы министри Алмаз Бакетаев коррупция менен күрөшүүдөн бюджетке накталай 5,5 млрд сом түшкөнүн билдирген.

Коррупцияга каршы күрөш

Садыр Жапаров өлкө башчылыгына келгенден кийинки кустуруу жарыялаган — коррупция менен күрөшүүнүн ыкмасы. Коррупцияга каршы күрөштү жана чиновниктерди кармоо ишин Жапаровдун үзөңгүлөшү жетектеген УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев алып барууда.

*«Кустуризация» — өлкө башчылыгына Садыр Жапаров келгенден кийинки коррупция менен күрөшүү ыкмасын бийлик ушундайча атап алган. Ага ылайык, коррупцияга айыпталган чиновниктер УКМК белгилеген зыяндын өлчөмүн төлөп, эркиндикте кала берет.

УКМКнын башчысы ведомство коррупция менен жигердүү күрөшөрүн далай жолу айткан. Бирок чуулуу кармоолор көбүнесе коррупцияга айыпталган чиновниктер УКМК аныктап берген зыяндын өлчөмүн төлөгөн соң үй камагы менен аяктачу. Эң эле чуулу кармоолордун бири — Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун кармалуусу.

Алгоритмге ылайык, өндүрүлгөн каражаттар алгач УКМКнын депозиттик эсебине, андан соң Каржы министрлигинин эсебине, ал жерден кайра чыгымдардын беренелери боюнча бөлүштүрүлөт.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча Президенттин фондуна да которулушу мүмкүн. Ал эми фонддун акчасын кандай коротууну өлкө башчысы өзү чечет.

Кустуризациядан түшкөн акча кайда жумшалып жатканынын отчёту ачык булактарда жарыяланбайт.