Парламент комитети бала бакча ачууда лицензияны жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети 29-майда өткөн жыйынында «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү карап, биринчи окуудан жактырды. Бул мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттык топ бала бакчасын ачууда лицензия берүүнү жокко чыгарууну сунуштап жатат. 

Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, эл өкүлү Жанар Акаев өлкөдө мектепке чейин курактагы балдарын 76%ы бала бакчасына барбасын белгиледи. Анын айтымында, мындай абал айрыкча айыл жергелеринде курч.

«Региондордо элдер өздөрүнүн үйлөрүн бала бакча ачууга беришет. Анан текшерүүлөр башталып, жабылганга туура келет. Биз мектепке чейинки билим менен көбүрөк баланы камсыз кылуу үчүн, балдар бакчасын ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгарууну сунуштап жатабыз. Азыр өлкөдө 1 800 бала бакча жетишпейт. Балдарын 76%ы бала бакчасына барышпайт. Эгерде балдар бакчага берилсе, анда ата-энелер дагы иштешет, бул экономиканы дагы жакшыртат. Кийин бакчалар көбөйсө, лизенция алууну кайрадан киргизсе болот», — деди эл өкүлү. 

Ал мыйзам долбоорунда мектеп мугалимдерин аккредитациядан өткөрүү тартиби жоюу жана билим берүү мекемелерин каржылоодо этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү демилгеленгенин кошумчалады.

Апрелдин ортосунда Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жеке жактарга патенттин негизинде үйлөрүндө бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк жаралганын билдирген.

Ал эми былтыр декабрь айында Министрлер кабинети балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү жөнүндө токтомду кабыл алган. Бийликтин эсебине ылайык, кошумча 2,5 миңден ашык бала бакча керек.