Өлкөдө жеке жактар 100 күндүк реформа программасы боюнча үй шартында бала бакча ача алат

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева 24-апрелде маалымат жыйында «Өкмөттүк акселераторлор» методологиясынын негизинде 100 күндүк реформалоо программасынын алкагында жеке жактарга патенттин негизинде үйлөрүндө бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк жаралганын билдирди.

Чынбаева жеке жактар бала бакчаларды артыкчылыктуу жөнгө салуучу юридикалык, санитардык жана билим берүү талаптарын аткаруу менен патенттин негизинде ача аларын айтты. Мындай жол менен анын кол алдындагы топ өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүүнүн тартыштыгы көйгөйүн чечүүнү пландап жатат.

«Пилоттук долбоордун алкагында 14-апрелден баштап Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондорунда үйүндө бала бакча ачууну каалаган жеке ишкерлерди каттоо башталган», — деп кошумчалады Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл.

Чыныбаеванын айтымында, Кыргызстанда 1 млн 200 миң мектепке чейинки курактагы бала бар. Бирок алардын болгону 24%ы гана билим берүү менен камтылган.

Үй шартында бала бакча ачууну каалагандар үчүн үйрөтүүчү модуль иштелип чыккан. Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаеванын айтымында, бул модулда негизги гана маалыматтар камтылган жана ал болгону үч күнгө созулат.

Биринчи күн үй шартында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарына минималдуу окутууну жана педагогикалык ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн негизги билимди камтыйт. Экинчи жана үчүнчү күндөрү тиешелүү органдардын өкүлдөрү баланын өнүгүүсүнүн талаптары, кызматтары жана негизги стандарттары тууралуу маалымат беришет.

Окутуудан өткөндөн кийин катышуучулар тестирлөөдөн өтүп, андан соң окууну аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды алат.

100 күндүк реформанын программасы март айынын аягында ишке кирген. Бул программа боюнча Бириккен Араб Эмираттары 2016-жылы иштеп чыккан «Өкмөттүк акселераторлор» методологиясы киргизилет.

Бул методология боюнча мамлекеттик органдар курч турган көйгөйлөрдү чечип, коюлган максатка 100 күндүн ичинде жетиши керек.

Биринчи этап төмөнкү үч багытты камтыйт:

  • мектепке чейинки билим берүү кызматтарын жеткирүүдөгү жана мектепке чейин жаштагы балдардын билим алууга тартылуусундагы тоскоолдуктарды азайтуу;
  • электромобилдер үчүн электр станцияларды курууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;
  • майыптуулугу бардыгы тууралуу күбөлүк берүү, күбөлүктү кайра берүү процедураларын жөнөкөйлөтүү.