Чет өлкөдө кантип жумушка орношуп, эмгек укукту коргоо керек?

Кыргызстанда ар бир жетинчи адам — эмгек мигранты. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштейт, бирок, акыркы жылдары кыргызстандыктар экономикалык кризистин айынан Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жумуш издей башташкан.

Алсак, 2019-2022-жылдары жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктер Европа өлкөлөрүнөн 1900дөн ашык кыргызстандыкка жумуш таап беришкен. Алардын айтымында, Европа аларды жогору эмгек акысы, жакшы иш шарттары жана башка кепилдиктери менен кызыктырат. Бирок, тилекке каршы, дайыма эле андай боло бербейт.

*Материалда каармандардын ысымдары өзгөртүлдү 

Каныкей менен Айназик 2022-жылдын ортосунда Бишкектеги «ИЛЦ» деген лицензиясы бар жеке агенттик аркылуу Болгарияга иштегени кетишкен.

«Мага Болгарияга барганда оператор болосуң дешкен. Мен ак халат кийип, монитор карап эле отурушум керек эле. Бирөө өтүп баратса карап, көз салып отурушум керек болчу. Бирок андай болгон жок. Мен келип эле калай ширетип баштадым», — дейт Каныкей.

Бишкектеги агенттиктен аларга жогорку маяна, түрдүү бонустарды, ошондой эле бекер жатакана жана тамак-ашты убадалашкан. Бирок алар Болгарияга келери менен бир айлык эмгек акысы 650 эмес, 425 евро экени, ал эми коммуналдык кызмат акыларын өздөрү төлөп, начар шартта жашоого аргасыз болушары белгилүү болгон.

«Жашаганга болбой турган [жатаканада жашадык]. Ал жөн эле имарат болчу, биринчи кабаты ресторан. [Биз жуунган] ванналарын көрсөң көгөрүп кеткен. Алып, тазалап бергиле, зыян эмеспи дегенбиз. Жуунуп атсаң анын баары денеңе тамчылайт. Жылуулугу таптакыр жок болчу. Бир эле кондиционер турчу. Анысы да үйдү жылытпайт», — дейт Каныкей.

Мындан тышкары, калай менен тынымсыз иштегендиктен кыргызстандыктардын саламаттыгы начарлай баштаган. Каныкейдин айтымында, денесинде аллергия пайда болуп, ашказаны ооруп, тиш пломбалары түшүп калган.

Кыргызстандыктарды Болгарияга жөнөткөн «ИЛЦ» жеке компаниясы алардын эмгек укуктары бузулганын четке кагууда. Агенттиктин башчысынын айтымында, эмгек шарттары толугу менен коопсуз болчу, ал эми жатаканын шыбындагы көктөр өлкөнүн климаттык шарты ным болгондуктан пайда болгон.

Айназик менен Каныкей Богарияда жада калса кайра Кыргызстанга кетиш үчүн билетке акча таба албай, «Оэйсис» фондуна кайрылууну чечшкенин айтышат. Уюм аялдарга мекенине кайтып келүүгө жардам берген, уюм аларга тийиштүү жардамдарды көрсөтүп жатат.

Фонддун адиси жибек бактыбекова жумуш издегендер жеке агенттиктерге кайрылганда көп учурда лицензия жана келишимди текшербейт, келишимдерге кээде гана кол коюшарын айтат. Ошондон улам коркунучтар чыгып, кыргызстандыктар чет жерде жумушка орноштурган жеке агенттиктерге алданып калышы мүмкүн дейт Бактыбекова.

Жеке агенттиктердин лицензиясын Migrant.kg сайтынан же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан текшерсе болот.

Жумуш издөө учурунда же жумушка орношууда жарандар эмгек эксплуатациясына кабылып же алданып калышы мүмкүн. Андай учурда кечикпестен тийиштүү колдоо кызматтарына жардам сурап кайрылуу керек:

  • 1966 – ишеним телефону (КР Эмгек жана миграция министрлиги);
  • 111 – балдар үчүн ишеним телефону (КР Эмгек жана миграция министрлиги);
  • 0559 189 900, 0312 64 13 42 – Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун телефону;
  • 0505-553-503 – «Oasis» коомдук фондунун ишеним телефону.

Бул видематериал Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» Долбоорунун алкагында «Оазис» Фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Бирөөгө кам көрүү – бардыгына камкордук» Долбоорунун алкагында даярдалды. Видеоматериал америка элинин АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу берген жардамы менен тартылып, жарык көрдү.

Видеоматериалдын мазмуну үчүн «Оэйсис» коомдук кайрымдуулук фонду жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз эле USAID же АКШ Өкмөтүнүн позициясын чагылдыра бербейт.