Чолпон-Ата: Президент жергиликтүүлөрдү инвесторлорго бут тоспоого чакырды

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында айрым жергиликтүү депутаттар жана жаштар шаарга мейманкана салууну көздөгөн инвесторго бут тосуп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу 30-майда шаардагы парктын ачылышында сүйлөп жатып айтты.

Жапаров мейманкана салууну көздөгөн инвестор кыргызстандык жигит экенин белгилеп, бирок анын аты-жөнүн ачыктаган жок. Ал жергиликтүү депутат жана жаштардын атынан келдик дегендер инвестордон чоң суммадагы акча алышканын айтты. 

«Жатакана салам деп жатса, бут тоспогула деп депутаттардан сурандым эле, укпаптыр. Бир жылдан ашып кетти бул жерде беш жылдыздуу мейманкана болуп калышы керек эле. Арасынан Урмат деген бир депутат "Мен каршы чыгам, депутаттардын баарын каршы үндөйм, сага салдырбайм" деп 1 миллион сом алыптыр. Жаштардын атынан деп дагы келиптир да, "жаштар каршы чыгабыз" деп 10 миң доллар алыптыр. "Ушулардын оозун басайын деп, бердим" дейт. Эми баштап жатам 1,5 жылдын ичинде бүтөм деди. Тилекке каршы, өзүбүз өнүгүүнү каалабайбыз. Жасап жаткан кишини көрө албайбыз», — деди өлкө башчысы.

Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, депутаттар менен жаштарды инвесторлорго тоскоолдук кылбоого чакырды.

30-майда президент Чолпон-Ата шаарында аянты 16 гектарды түзгөн жаңы парктын ачылышына катышкан. Парк шаардагы мэриянын карамагына өткөрүлдү. Жапаров эс алуучу жай демөөрчүлөрдүн каражатына салынганын белгилеп, канча акча сарпталганын ачыктаган жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент бир катар аткаминерлерге эскертүү жана сөгүш жарыялады