Президент бир катар аткаминерлерге эскертүү жана сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров 19-августта бир катар аткаминерлерге сөгүш жана эскертүү берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, берилген тапшырмаларды аткарбаганы үчүн Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге сөгүш берилген.

Ал эми президенттин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөр эскертүү алган:

  • Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов;
  • Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси Канат Жумагазиев;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы Руслан Термеев.

Аталган аткаминерлер менен кошо президент Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго да сөгүш берген. Ал «жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы» айтылып, так кандай кемчиликтер кеткени ачыкталган жок.