Депутаттар Элдик курултайдын делегаттары бир жылга шайланышына каршы болушту

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин мүчөлөрү 30-майдагы жыйында Элдик курултайдын делегаттарынын бир жылга шайланышына каршы чыгышты.

Жыйында Элдик курултай жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

Талкуу учурунда демилгени кайра иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун башчысы Жанар Акаев мыйзам долбоорунун баштапкы варианты кыскартылганын билдирди. Анын айтымында, беренелердин саны 14кө чейин кыскартылган, бирок курултайчылардын сунушу менен дагы бир берене кошулган.

«Кайра 15 берене кылганбыз. Жумушчу топ өз миссиясын аткарды, бир пикирге келдик. Бир гана маселе: делегаттарды бир жылдык эмес, бир гана жолку мөөнөткө деп депутаттар кат жүзүндө сунуш беришти», — деп билдирди Акаев.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев делегаттарды эмне үчүн жыл сайын шайлоону каалап жатышканын түшүндүрүп жатып бул «ар кандай окуялар» болуп калган учурда Элдик курултайды кезексиз чакыруу үчүн керектигин айтты.

«Бир жылдык анан бир эле жолу дегенге кичине түшүндүрмө берип кетейин. Бир жылдык дегендин себеби ар кандай окуялар болуп калышы мүмкүн. Кезексиз курултай чакырылып калышы мүмкүн, бир жылдын ичинде. Эгерде Кезексиз курултай чакырып калсак, эгер ушул делегаттарды бир эле жолу келип анан кайра тарап кетет деп койсок, кайра шайлоо өткөрүүгө туура келип калат», — деди Абыкеев.

Ошол эле учурда ал бул делегаттарга кандайдыр кошумча ыйгарым укуктарды бербесин, кимдир бирөөнү текшерип же өзүнүн макамын колдоно алышпасын, ыйгарым укуктары курултай учурунда гана күчүндө болорун кошумчалады.

Депутаттар президенттин кеңешчисинен «ар кандай окуялар» деп эмнени айткысы келгенин сурашты. Абыкеев төңкөрүш дегиси келгенин айтып жооп берди.

«Өткөндөгү [окуяда] Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары кетип калып, бийликтин бир дагы өкүлү калбай калган. Ошондо элдин үнүн уга турган башка [бийликтин] бутагы жок болуп калган», — деп эске салды ал.

Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин убактылуу төрагасы Бейшенбек Абдразаков дагы 2020-жылдын октябрь окуяларында «депутаттар кетип калып», чечим кабыл албай коюшкан деп билдирди.

Бул депутаттардын нааразычылыгын жаратып, Абдразаковду жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылышты. Ошондой эле алар президенттин кеңешчисин «ар кандай окуялар» деген сөзүнө байланыштуу сынга алып, Жогорку Кеңешти сыйлоого чакырышты.

«Анда мен адашпаптырмын, анда [силер] ошого баратасыңар. Эгер ушундай кырдаал болсо, Жогорку Кеңеш же башка болбошу керек, силер гана топтоло калып Кыргызстандын, президенттин милдетин аткарган адамдын келечегин аныктап, кандай деген максатка алып баратасыңар?» — деп ачууланды депутат Мейкинбек Абдалиев.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар курултайдын делегаттарын бир жылга дайындоо тууралуу нормасын жактырышкан жок. Алар мыйзам долбооруна делегаттар курултай чакырылганда бир гана жолу шайланат деген ченемди киргизишти.

Жыйындын аягында депутаттар Элдик курултай жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырып беришти.

«Элдик курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламент депутаттары 10-майда биринчи окууда кабыл алышкан.

Курултайды мыйзамдуулугу жөнүндө талаш-тартыштар

Биринчи Элдик Курултай Бишкекте 25-26-ноябрда өткөн. Аны президент Садыр Жапаров атайын жарлыктын негизинде чогулткан, анткени «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитети четке каккан болчу.

Бирок, юристтер курултайды президент чакыртканын мыйзамсыз деп атап, конституциялык мыйзамысыз өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап жатканын белгилешкен. Анткен менен президенттин администрациясы баары мыйзамдуу экенин айтып ишендирген.

Өткөн жылдын декабрынын аягында депутат Адахан Мадумаров парламенттин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын атынан Конституциялык сотко кайрылган. Ал 25-26-ноябрда өткөн Курултай мыйзамсыз деп атап, эч ким аны өз жарлыгы менен чакырта албайт деген. Фракциянын кайрылуусу 14-августка чейин каралышы керек.

Тема боюнча: Чыңгызхандын доорундагы парламент. Жапаровго Элдик Курултай эмне үчүн керек?