Парламент Элдик Курултай жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Жумушчу топтун жетекчиси, депутат Жанар Акаевдин айтымында, мыйзам долбоорунда беренелер 22ден 15ге кыскартылды.

«Бул биздин демилге эмес, министрлер кабинетиники. Сиздер айткан сунуштар эске алында. Долбоордо айыл, шаар, райондордо жыйын өткөрүп, акимдерге ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз, бюджетин карайбыз деген ыйгарым укуктар болбойт. Ошондуктан 15 гана беренени калтырдык», — деп айтты Жанар Акаев.

Депутат Тазабек Икрамов Элдик Курултайды жылына бир гана жолу өткөрүүнү сунуштады.

«Парламент өзү курултай. Ар бир райондон шайланып келген депутаттар ушул жерде отурушат. Анан 5-6 адамдын башын бириктирип алып курултай деп келип ызы-чуу кылыштын кереги жок. Жылына бир гана жолу жолугуп ошол жерден көйгөйлөрдү айтууну сунуштайт элем. Мамлекетибиз кризисте турганда аларды чогултуп, автобус менен ташып чай бериши керек болот да», — деди Икрамов.

Мындан тышкары, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, Элдик Курултайдын курамын 700 делегат кылып бекитүү сунушталууда.

Биринчи Элдик Курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкекте өткөн. Ага 1072 адам катышкан.

«Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоору

Биринчи Элдик Курултайды президент Садыр Жапаров атайын жарлыктын негизинде чогулткан, анткени «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитети четке каккан болчу.

Бирок, юристтер курултайды президент чакырышын мыйзамсыз деп атап, конституциялык мыйзамсыз өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап жатканын белгилешкен.Бирок президенттин администрациясы баары мыйзамдуу экенин айтып ишендирүүдө.