Иллюстрация: Вера Андрианова атайын «Клооп» үчүн

Жыл сайын Кыргызстанда жаңы пайда болгон төрт үй-бүлөгө бир ажырашуу туура келет. Көпчүлүк учурда балдар апасы менен калат, анткен менен аталары дайыма эле балдар үчүн алимент төлөбөйт. Анан калса, төлөгөн күндө деле алимент менен баланы камсыздоо мүмкүн эмес. Балдарынын эң зарыл делген биринчи керектөөдөгү керек-жарагын камсыздоо үчүн орточо деңгээлдеги жалгыз бой эне канча иштеши керек? Сандар менен көрсөтүп беребиз.

Жалгыз бой энелер айлык акысынын көпчүлүк бөлүгүн балдарына жумшайт

Бишкектеги университеттердин биринде окутуучу болуп иштеген 41 жаштагы Нуркыз (аты өзгөртүлдү) төрт жылдан бери үч баласын жалгыз багып-тарбиялап келет. «Күйөөм башка үй-бүлө куруп алыптыр, ажырашууга туура келди, кичүү кызымды алып, туугандарымдыкына кеттим. Жаңы аялын үйүнө алып келердин алдында жолдошум эки улуу баламды да мага жеткирип берди», — деп айтып берди Нуркыз.

Ажырашкандан кийин мурдагы күйөөсү алимент төлөөдөн баш тарткан. Нуркыз балдары менен туугандарынын үйүндө көпкө тура алмак эмес. Андыктан балдарын белине таңып алып, жаңы үйүн куруп бүткөн.

«Албетте кыйналдым, кол-кабыш кылган киши жок, психологиялык жактан да оор болду. Улуу балдарым 13-15 жашта болчу, алар кыш ташып, бөлмөлөрдүн полун, дубалдарын өздөрү шыбап чыгышты, куруучуларга төлөй турган акчабыз жок болгондуктан эшик-терезелерди өзүбүз орноттук. Ага кошумча баарыбыз таарынычтан улам кыйналып жүргөн болчубуз. Сүйүктүү жолдошум, атабыз бизди таштап кетти», — деп эстеди Нуркыз.

Учурда улуу кызы университетте окуйт. Анын бир жылдык окуу акысы 5000 еврону түзөт. Ортончу баласын Нуркыз IT курсуна берген, акысына айына 1400 сомдун тегерегинде төлөйт, мындан тышкары ал жогорку окуу жайга өтүү үчүн даярдоочу курстарга барат — бул болсо айына 4, 5 миңди чапчыйт.

«Кичүү кызым эң эле “үнөөмдүүсү” — деп күлөт Нуркыз. — Кадимки эле мамлекеттик мектепке барат. Мурда жакшы жерде иштечүмүн, чынын айтсам, азыркы күнгө чейин ошол убакта топтогон акчама жашап жатабыз. Жалпы ай сайын [балдардын билим алуусуна кетчү акчадан тышкары] орточо 30 миң сом коротобуз, азыр мынча акча таппайм».

Учурда аялджын маянасы болгону 13 миң сом, бирок жакын арада башка жумушка орношууну пландап жатат — жаңы жумушта 40 миң сом маяна убадалашкан. Бирок бул деле үй-бүлөнүн керектөөсүн жаппайт.

Улуттук стаитистика комитетинин эсептөөсүнө ылайык, Кыргызстанда балдар үчүн жашоо минимуму беш миңден жети миң сомго чейинки сумманы түзөт. Жети жашка чейинки баланы минималдуу камсыздоого айына 5430 сом, ал эми өспүрүм үчүн 6914 сом кетет.

Ал арада кыргызстандык аялдар айына орточо 25 миңдин тегерегинде айлык алышат — бул эркек мекендештердин кирешесинен төрттөн бир эсе аз. Мындан тышкары, аялдар «айнек шыпка» туш болушат — аялдар жумушка караганда үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бурушу керек деген стереотиптерден улам алардын кызматтык тепкичтен көтөрүлүшүнө каршы тоскоолдуктарга туш болушат.

Өлкөдө аялдар орто эсеп менен үчтөн бала төрөйт. Демек, балдардын минималдуу керектөөлөрүн камсыздоо үчүн жалгыз бой энелер орточо айлык акысынын көпчүлүк бөлүгүн коротууга мажбур болушат.

Эгер үй-бүлө Бишкекте батирде турса, мисалы 27 миң сомго бир бөлмөлүү батирди ижарага алып жашаса, аял бир күндө 17 саат иштөөгө мажбур болот! Жадагалса жумушка жетүү жана үй-тиричилигиндеги иштер менен алектенүүгө кеткен убакытты эске албаганда дагы, аялдар нормадагыдай 8 саат уктап эс ала албайт дегенди билдирет.

33-жаштагы Акмарал (аты өзгөртүлдү) – эки жаштагы кыздын апасы. Кызы төрөлгөнгө чейин чет өлкөлүк университетте илимий кызматкер болуп иштеп, айына 50-60 миң сом киреше тапчу. Бала төрөлгөн жылы ал бардык чогулткан акчасын сарптаган. 4 миң долларга жакын каражат төрөткө, балага коляска, керебет, кийим сатып алууга жана медициналык кызматтар үчүн жумшаган.

«Кызым төрөлгөндөн кийин 8-9 миң сом иштеп тапканга мүмкүн болду. Мен бала менен жалгыз, толук иш графиги менен жумуш таап иштеп кетиш өтө оор болду. Кичинекей балам бар экенин, аны жалгыз багып жатканымды билгенден кийин жумуш берүүчүлөр макул болбой койду», – дейт Акмарал.

Кийин ал Улуттук илимдер академиясынын алдындагы институттардын бирине орношуп, 8 миң сом айлыкка макул болгон. Институтта Акмаралга ийкемдүү график сунушташкан. Мындан тышкары, ал котормолорго, тексттер менен иштөөгө жана изилдөөлөргө буйрутма алган. Ошентип анын кирешеси 25 миң сомго чейин өскөн.

«[Менин мурдагы жолдошум] акчалай жардам көрсөтпөйм деп айткан. Ал бизге келип-кетип турчу, баланы меники деп тааныган. Менин эң чоң катам — балага анын фамилиясын берип, атасы катары жаздырганым. Анткени кийин биз уруша кеттикп, ал башка өлкөгө кетти», – дейт Акмарал.

Баланын атасы чет өлкөдө болгондуктан, Акмарал алимент өндүрө алган эмес. Үй-бүлө болсо акчага муктаж болчу – Акмаралдын кызы айына 15 миң сом төлөгөн жеке бала бакчага бара баштаган. Чоң кезектин айынан ал кызын мамлекеттик бала бакчага бере алган эмес.

Акыры Акмарал Европа мамлекеттеринин бириндеги окуу жайда окуу үчүн грант утуп алган. Бирок кыздын атасы өзү чет өлкөдө жашаганы менен, кызын Кыргызстандан чыгарууга уруксат бербей койгон. Кызы менен чет өлкөгө окууга кетиш үчүн Акмарал сот аркылуу мурунку жолдошун ата-энелик укуктан ажыраткан.

Алимент төлөгөндөр барбы?

Кыргызстанда ар бир төрт никеге бир ажырашуу туура келет. Ажырашуудан кийин көп учурда балдар апасы же анын бир туугандары менен калат. Ата-энелер алименттин өлчөмү боюнча макулдаша албаган учурда, сот ата-эненин расмий кирешесине жараша төлөмдөрдүн өлчөмүн белгилейт.

Анткен менен, бир балага карата алименттин минималдуу өлчөмү бир минималдуу айлыктан аз болбошу керек (2337 сом), эки балага бир жарым минималдык айлык, үч же андан көп балага эки минималдык айлыктан кем болбоого тийиш. Бул талаптар Үй-бүлө кодексинде каралган.

Cabar.Asia агенттигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 92% учурда алиментти аталар төлөбөй жүргөн, энелер болгону 8%.
2021-жылы Кылмыш-жаза кодексине балдарын багуудан качкан ата-энелер үчүн жаза киргизилген. Эми алимент төлөбөгөндүгү үчүн 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салынат, коомдук же түзөтүү жумуштарына тартылат.

Нуркыздын айтымында, ажырашкандан кийин алгачкы жылдары жолдошу жана анын жакындары балдарына дээрлик материалдык колдоо көрсөтүшкөн эмес: «Балдар мектептен кийин атасына, чоң энесине жашынып барып келишчү. Акча деле сурашчу экен – кээде 50-200 сом берип койчу окшойт. Уулу кызыма – ал азыр студент – окуу жылына 70 миң сомго жакын акча беришти. Кичинекейлерди кээде эле алып кетип, кийим-кече алып беришет», — дейт Нуркыз.

Ал мурунку жолдошунан сот аркылуу алиментти өндүрүп баштаган. «Сот жолдошум бизге үч бала үчүн ай сайын 3000 сомдон төлөп турсун деген чечим чыгарган! Күйөм аябай жинденип мени алименттен баш тартпасаң үйүндү тартып алам деп коркуткан. Анткени [үй турган жерди] биз никеде болгондо сатып алганбыз», – деп айтып берди аял. Ушундай кысымга кабылган Нуркыз өзүнүн талаптарынан баш тарткан.

Акмарал баланы багуу үчүн мыйзамда белгиленген алимент деле жетпейт деп түшүндүрдү. «Балага кеткен чыгым – тамак аш менен оюнчук деп түшүнбөшүбүз керек. Бул сапатту мектепке чейинки билим берүү, өнүктүргөн кружоктор, жакшы мектеп жана курстар, акырында чоң окуу жайга тапшыруу», – дейт Акмарал.

Бирок атанын милдети бир гана алимент төлөө менен чектелбейт, дейт ал: «Башка мамлекеттерде ата-эненин милдети бөлүнгөндөй, ал баланы тарбиялоодо катышуусу керек, келип балага тамак жасап, багып, аны менен сейилдеп, аны өстүрүшү керек».

Автору: Айсымбат Токоева