«Теңдик» майыптыгы бар адамдардын биримдиги, «Бир-Дуйно Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана эл аралык Equality now укук коргоо уюму эки кишинин зордугуна кабылган майыптыгы бар кыздын окуясын айтып беришти. Укук коргоочулардын айтымында, кызды зордуктагандар иш жабылып калгандыктан жазасын албай калышкан.
Укук коргоочулар Асел (аты өзгөртүлдү) төрөлгөндө эле балдардын церебралдык шал оорусунун оор түрү, үйрөнүү кыйынчылыктары жана көзү начар көрүп төрөлгөнүн айтышат. Майыптыгы бар болгондуктан аны мектепке албай коюшкан, ал эми ата-энесинен айрылып калгандан кийин кыз сиңдиси жана агасы менен чоң ата-чоң энесинин колунда чоңойгон.
Укук коргоочулардын отчётунда балдар катаал мамиле көрүп чоңойгону, агасы үй-бүлөлүк зомбулука чыдабай айылдан Бишкеке качып кеткени белгиленет.
«Асел 16 жашка толгондо чогу жашаган чоң атасы менен байкеси зордуктап башташкан, эгер созулуп жүргөн сексуалдык зомбулуктары тууралуу кимдир бирөөгө ооз ача өлтүрөбүз деп корутушкан», — дейт укук коргоочулар.
Кыз мектепке барбагандыктан, аны социалдык кызматтар текшеришкен эмес, ошондуктан милиция менен байланыша алган эмес. Асел эмне кыларын билбегендиктен кордук улана берген.
2020-жылы Аселдин агасы Тилек (аты өзгөртүлдү) сиңдиси зордукталганын билип калып, аны коопсузураак деп Бишкекке алып кеткен. Шаардан Аселге жергиликтүү коммерциясы эмес уюм колдоо көрсөткөн. Кыздын агасы милицияга арыз жаган, бирок аны ал жерден этибарга албай коюшкан.
«Бул иш Тилек карындашынын кордук көргөн видеосун соцтүйүндөргө чыгаргандан кийин араң бийлик көңүл бура баштаган», — дейт укук коргоочулар.
Бул иш боюнча иликтөө укук коргоочулар алып барган иштин аркасы менен 2021-жылы башталган. Бирок кийин ишти далилдер жок имиш деп жаап салышкан.
«Тергөөчүлөр Аселдин ага катаал мамиле кылынганы тууралуу айтып берген окуясын тергөөчүлөр дегеле ал өзү өзүнө эмне болгонун билет бекен деген зыяндуу стереотиптик ой жүгүртүүнүн айынан этибарга албай коюшкан. Чоң энесинин, эжесинин, медициналык жана соцкызматкерлердин дагы айтып бергендери эске алынган эмес. Аселдин медкартасындагы учкай маалыматтар дагы көз жаздымда калган, ал эми дискриминациялуу соттук-медициналык экспертиза денеге келтирилген зыяндарга гана көңүл буруп туруп алган, анын баары экспертиза учурунда көрүнбөй калганына карабастан», — деп белгилешти укук коргоочулар өз отчётунда.
Мындан тышкары, укук коргоочулар экспертиза дайындоо үчүн тергөөчүнүн чечими керектигин, бирок анын өткөрүлүшү жабырлануучу жашаган шаарда же айылда экспертизанын бар же жогунан көз каранды экенин белгилешти. Укук коргоочулар жабыркаган кыздын адилеттүүлүккө жетүүсүнө бийликтин кызга юридикалык жардамдын кереги жок, себеби мамлекет баары бир деле анын тарабында болуп атпайбы деген болгоосу дагы тоскоолдук жараткан.
«Мындай туура эмес баа берүүлөр тергөөчүлөрдүн жабыркаган аялдар менен иштешүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын жетиштүү түрдө билбегендиктен, ошондой эле майыптыгы бар адамдарга карата сексуалдык зомбулукту иликтөөнүн так чечмеленген, адам укуктарына шайкеш келген методологиялардын жоктугунан улам оорлошуп кеткен», — деп билдиришти укук коргоочулар.
Бул көйгөйлөр, алардын айтымында, маморгандардын кызды кордогондорду жаза тарта албай калуусуна алып келген.
Дагы окууңуз: «Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы