Порномагнат атыккан Даниел Ажиев УКМК кармаганга чейин кандай турмушта жашаган?

УКМК 5-июнда Даниел Ажиев кармалганын маалымдады, ал атайын кызматтын ТИЗОсуна киргизилди. УКМК Ажиевди ири вебкам-студиялар тармагынын ишин координациялаган туруктуу кылмыштуу топтун лидери деп атады.

Кечээ эле кененчилик турмушта жашап, ӨКМдин тик учагын ижарага алып, миллиондорду ресторандарга коротуп жүргөн Ажиевди Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен, Өзбекстандан кармап келишкени айтылды.

«Клооп» Кыргызстандагы эң атактуу порномагнаттын окуясын баяндап берет. Кыскача айтсак, Ажиев кыргыздарды жер-жеберине жеткире тилдеп, ушундан кийин араздашууну козутканы үчүн ТИЗОго камалган. Ошондо анын аты бүткүл Кыргызстанга дүң болгон. Кийинчерээк аны психиатриялык ооруканага күчтөп жөнөтүшкөн, дарыланып келгенден кийин Ажиев мурдагы байманалуу жашоо образын уланткан — кымбат автоунаалар, тик учактар жана ресторандарда өткөн майрамдан миллиондук чектер. Баары «алты сандуу сумманын» ээсине ылайык, мартабалуу. Кененирээк айта турган болсок…

Даниэль Ажиев Rolex сааты менен. Сүрөт: Ажиевдин Instagram барагы.

Токобековдун бетин ачуу

Даниел Ажиевге 2018-жылы, өзү жашаган батирде вебкам-студия ачып алганы үчүн жоопко тартылганда журналисттердин көзү түшкөн. Анда Ажиев 30 миң сом айыппул төлөп кутулган.

2023-жылы жазда Ажиев порнобизнеске 2018-жылдан бери аралашпай калганын, токтотконун айтып чыккан. 2023-жылы 19-апрелде Ажиев Instagram желесиндеги тарыхчаларына белгисиз киши менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, аны «милиция кызматкери» деп атаган болчу. Анын айтымында, сүрөттөгү кишини укук коргоо органдары кармаган. Ажиев өзүн бул адам менен байланыштырбагыла деп өтүнгөн. 

«Бул милиция кызматкерин мен 2018-жылы таанышкандан бери билем. Мени кармап, ишти сотко жеткирген. Сотто күнөөмдү мойнума алгам, мага айып салышкан. Мен айыпты ошол замат, толугу менен төлөгөм. Бул окуядан кийин ортобузда өтө чоң түшүнбөстүктөр болгон. Мен адвокатымды ээрчитип УКМКга, борбордук аппаратка, Башкы прокуратурага жана райондук прокуратурага чейин баргам. Ары-бери сүйрөлгөм аябай, 2018-жылы көп иштерге кириптер болгом. Ошондон бери бул иштерди токтотком, эч нерсем жок. Мен курулуш бизнесине кеткем, криптоволютадамын азыр», — деген Ажиев. 

 Бирок мунун баары Ажиевдин 2020-жылы айткандарына каршы келет. ЖМКлар Ажиевдин баскан-турганын байма-бай жаза башташына себепкер болгон ири жаңжал 2020-жылы мартта болгон. Анда Ажиев «расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык араздашууну козутууга» шектелип кармалган. Ошондо ал пандемия кызып турганда кайрымдуулукка деп 7 млн сом каражат бөлгөнүн сындап, «арам акча» деп атагандарга карата видео кайрылуу жасаган болчу. Видеодо ал, адамдарга жардам берүү үчүн сөзсүз эле «адал иш жасаш керек эмес», «кыргыз эли баары, алты миллиону тең конченные долбоебы!» деп сүйлөгөн.    

Бирок коомчулук Ажиевдин кармалышын шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековго — парламенттин экс-депутаты Алиярбек Абжалиевдин баласына айтылган айыптоолор менен байланыштырышкан. Депутат Абжалиев — экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Ажиев төрт адамдын өлүмү менен аяктаган жол кырсыгын, анда Токобековдун аралашканын эске салган болчу. Ажиев кырсыкка Токобеков күнөөлүү деп айткан. 

Ажиев ТИЗО-1ге камакка алынып, бир нече ай отуруп чыккан. А бирок тергөө абагында деле Ажиевдин кем-карчы болгон эмес — 2022-жылы мартта ал ТИЗО-1деги жалгыз жаткан камерадан 2020-жылы майда тартылган фото жана видеотасма жарыялаган. Эки мүнөттүк роликте болгон оокатын санап өткөн: дүр-дүйүм жашылча-жемиш, кургатылган жемиштер, туздалган лосось, баштык-баштык таттуулар, китептер жана зарыл делген тиричилик техникасы. Сүрөттөрдөн телевизор, чакан муздаткыч, электр меш жана чайнек, жазыла турган отургуч жана боз килемди көрүүгө болот.   

 

«Психикалык абалы тынч, жүрүм-туруму адекваттуу»

Кийин Ажиевди психиатриялык ооруканага дарылануу үчүн которушкан. Ошондо Ажиевди бир жарым жыл — 2020-жылы сентябрдан тартып 2022-жылы февралга чейин психиатриялык ооруканада күчтөп дарылашкан болот. Бирок бул тастыкталган эмес, анткени 2021-жылы июнда Ажиев өзүнүн 001 мамлекеттик номерлүү BMW үлгүсүндөгү автоунаасы менен Бишкекте жүргөнү айтылган. Анда мамкаттоо кызматынан Ажиев айдоочулук күбөлүктү бардык документтерин жана жана экзамен тапшырып алганын айткан. Ажиев берген маалымкатка ылайык, ошол учурда ал Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турган эмес. Бирок мамкаттоо кызматынан «медициналык текшерүүнүн мыйзамдулулугун» текшергенге мекеменин укугу жок экенин белгилешкен. 

2022-жылы январда Чүй облусунун Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын дарыгерлери Ажиевдин «жүрүм туруму адекваттуу, мүнөзү бир калыпта, өзүнүн келбетине кылдат карайт[...] токтоо, сылык, [...] келечекке, өзүнүн үй-бүлөсүнө камкордук көрүүгө жигердүү пландары бар» деген жыйынтыка келишкен. Ошол эле учурда, дарыгерлер ишкерде «инсандын истерикалык бузулуусу» бар экенин белгилешкен. Ошентсе да, алардын айтымында, Ажиев толук дарылоодон жана реабилитация курсунан өткөн.  

Бул медициналык корутундунун негизинде Биринчи май райондук соту 2022-жылы февралда Ажиевди мажбурлап дарылоону токтоткон. Анын ордуна Ажиев алты ай боюу өзү жашаган жердеги дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп туру керек болчу. 

Истерикалык же гистрионикалык инсандын бузулушу - бул МКБ-10 ооруларынын эл аралык классификаторуна кирген жүрүм-турумдун бузулушу. Бул оору демонстративдик жана драмалык жүрүм-турумдары менен, башкаларга байкалгысы келген каалоо менен ошондой эле алардын жактыруусун каалаган белгилери менен коштолот. Бул илдет менен дүйнө калкынын 3-6%ы жабыркайт, психотерапиянын жардамы менен айыгат. 

Байманалуу жашоонун уландысы 

Бир жарым жыл ичинде Ажиев эмне иш менен алек болгону дагы деле түшүнүксүз — анын инстаграм барагы дагы бул аралыкта активдүү иштеген эмес. Андагы алгачкы посттор 2022-жылы февралда гана — ооруканадан расмий чыгарылгандан кийин жарыялана баштаган. Андан соң, мурдагыдай эле жашоо уланган — кымбат унаалар, үй-бүлөсү менен саякаттоо жана алтын кошулган капучино. Ажиевдин аялы, апасы жана үч баласы бар. Чет жактарда көбүнчө үй-бүлөсү менен эс алат. 

Ажиевдин инстаграмдагы барагына караганда, көбүнчө Дубайга барат. Тик учак, спорттук унаа менен жер кыдырып, Prada, Gucci жана Saint Laurent сыяктуу дүкөндөрдөн кийим алат. Андан тышкары, Rolex саатын сатып алганы тууралуу пост жазып, ал тургай тиркелген тарыхчаларды калтырган. 

«Роооолекс! 18 карат yellow gold, изумруд циферблат, циферблатта болсо diamond, [...] браслет president. Мына ушул кычыраган эркектин колуна тагылат. Ушундай жаркыраган түстө. Ooooo my god», — деп сүйлөгөн Ажиев, жаңы саатын көрсөтүп жатып. 

Ажиевдин унааларга болгон сүйүсү мындан кем калышпайт. Анын бери дегенде эки унаасы бар, экөө тең Range Rover. 777 номерлүү ушул унаалардын бирин айдаган Ажиевди 2023-жылы январда кайгуул милициясы токтоткон. Анда ишкер унаанын айнегин толугу менен, алтургай маңдайкы айнегин кошо  караңгылатып айдап жүргөн. Ошентип ага айып салынган. 

Дуулдаган туулган күн 

Даниел Ажиев бардар турмушта жашачу, андыктан жакындарынын туулган күндөрүн дагы укмуштуудай өткөрчү. Февралдын аягында соцтармактын колдонуучулары Ажиевдин туулган күнү өткөн ресторандын чегин талкуулаган. Анда 662 миң сомго чек жазылып, ресторандын тейлөөсү үчүн делген 15% эле 86 миң сомду түзгөн. Ал эми салтанатта тартылган видеодо тамада 100 долларлык купюраларды таркатып жатканын көрүүгө болот. 

Ал эми аялын туулган күнү менен куттуктаганы өзүнчө окуя. Майрамдык иш-чарада ырчылар Мирбек Атабеков менен Абир Касенов коноктордун көңүлүн көтөргөн. Акырында «токтобой» салют атылып турган. Соцтармактарда Ажиев ал күнү 801 миң сомго конок тосконун жарыялады деп жазышкан. 

Ал эми кийинки видеодо аялын Сүйүшкөндөрдүн күнү менен куттуктап жатат.

 Ажиев апасын дагы абдан эркелетчү. Мисалы туулган күнүндө апасын ӨКМдин тик учагы менен айлантып келген. Учкучтардын биринин айтымында, Ажиев апасы экөө тик учакта 1 саат 10 мүнөт учушкан. Ал эми тик учактын ижара акысы саатына 2300 доллар. 

Бирок бул Ажиевдин апасына арнаган алгачкы белеги эмес, буга чейин алар тик учак менен Дубайдын үстүнөн учушкан. Андан тышкары, парашют менен бирге секиришкен

Соцтармактын колдонуучулары Ажиевдин мартабалуу турмушуна карата ар түрдүү пикирлерди жазышат. Кээси үй-бүлөсүнө жасаган камкордугун мактап, турмушка бүйрө экенин баса белгилешет. Айрымдар кыргыздын кыздарынын көз жашы менен тапкан «арам акчасы» үчүн жектешет. 

Юстиция министрлиги берген расмий маалыматка ылайык, Даниэль Ажиевге бир гана «Токен компани» деген ишкана таандык. Ал «фото сүрөт тармагында» иш алып барат.