Жогорку Кеңештин депутаттары 8-июндагы жыйында президент Садыр жапаров демилгелеген «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алышты.
Депутаттар кабыл алган маанилүү өзгөртүүлөрдүн бири бул мыйзам долбоорундагы беренелердин санын 22ден 15ке чейин кыскартуу болуп саналат. Дагы бир өзгөртүү — делегаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү кыскарды, буга чейин аларды бир жылга шайлоо сунушталган.
Мыйзам долбоорунун салыштырма таблицасындагы маалыматка ылайык, Элдик Курултай 700 делегаттан турат, алар курултайдын жалпы жыйналышын өткөрүү мезгилине гана шайланат.
Мыйзам долбоорунун буга чейинки редакциясында делегаттарды бир жылдык мөөнөткө гана шайлоо сунушталган. Бирок 30-майда айрым депутаттар Элдик курултайдын делегаттарынын бир жылга шайланышына каршы чыгышкан.
Курултайды мыйзамдуулугу жөнүндө талаш-тартыштар
Биринчи Элдик Курултай Бишкекте 25-26-ноябрда өткөн. Аны президент Садыр Жапаров атайын жарлыктын негизинде чогулткан, анткени «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитети четке каккан болчу.
Юристтер курултайды президент чакыртканын мыйзамсыз деп атап, конституциялык мыйзамысыз өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап жатканын белгилешкен. Анткен менен президенттин администрациясы баары мыйзамдуу экенин айтып ишендирген.
Өткөн жылдын декабрынын аягында депутат Адахан Мадумаров парламенттин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын атынан Конституциялык сотко кайрылган. Ал 25-26-ноябрда өткөн Курултай мыйзамсыз деп атап, эч ким аны өз жарлыгы менен чакырта албайт деген. Фракциянын кайрылуусу 14-августка чейин каралышы керек.