Сүрөт: «Азаттык» үналгысы жарыялаган видеодон скриншот

8-июнда Ош шаарынын прокурорунун бөлмөсүндө жеке ишкер Жамийла Бердибаева ишмердүүлүгүнө кысым болуп жатканын айтып, өзүн бензин чачып өрттөөгө аракет кылды. Ишкердин айтымында, шаардык мэриянын кызматкерлери Токтогул Сатылганов паркындагы балдар ойноочу батутун иштеткени уруксат бербей, жараксыз кылып коюшкан.

Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынан аталган эс алуу багында жеке менчик оюн-зоок курулмаларына тыюу салынганын жана ишкерге буга чейин бер нече жолу эскертүү берилгенин белгилешти.

Ал эми 9-июнда Башкы прокуратурадан «Клоопко» ишкер мэриянын кызматкерлерине карата батутуна зыян келтиргенине байланыштуу арыз менен кайрылганын, ал иш бүгүнкү күндө Ош ШИИБинде териштирилип жатканын айтышты.

Эмне болду?

8-июнь күнү саат 10:00 чамасында Ош шаарынын прокурорунун бөлмөсүндө жеке ишкер Жамийла Бердибаева өзүнө бензин чачып өрттөөгө аракет кылган. «Азаттык» үналгысы жарыялаган видеодон иш бөлмөдө аны менен Ош шаарынын прокурору Малик Бектурганов, анын орун басары Абдирашит Кубатидиновду жана башка кишилерди көрүүгө болот.

Видеодо өзүнө бөтөлкөдөгү бензинди чачкан аял «Өзүмдү өрттөйм! Мыйзам бир эле мага иштейби?» деп ыйлаганы угулат.

Маалыматка ылайык, ишкер Бердибаева эс алуу багында иштетүү үчүн 1 млн 800 миң сомго насыя алып, батут сатып алган. Бирок жергиликтүү бийликтин кызматкерлери аны эс алуу багынын аймагында иштетүүгө уруксат бербей, ага тыюу салган документтерди көрсөтпөй алып кетип калышкан.

«Акыйкаттын жоктугунан улам өзүмө бензин чачтым. Буга чейин он жолу алып кеткен болсо, он жолу тең мага эч кандай тиешелүү кагаздарды көрсөтпөй, өз билемдик менен алып кетишти. Бир гана менин батутума уруксат бербей жатышат. Башка батуттар иштеп эле жатат», — деп билдирди Бердиева Turmush басылмасына.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Ал эми Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова жеке ишкер Бердибаевага буга чейин бир нече жолу эскертүү берилгенин билдирди.

Имарованын айтымында, калаанын борборунда жайгашкан Токтогул Сатылганов паркы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы токтому менен паркта батуттарга жана башка ушул сыяктуу аттракциондордун иштөөсүнө тыюу салынып, майрам күндөрү гана уруксат берүү каралган.

«Парктагы мурунку аттракциондор мэриянын балансында болгон үчүн калган. [...] Бул айымга марттан бери эскертүү беребиз. Кечинде алып чыгып, иштетип алат. Акырында кызматкерлер толугу менен алып чыгарып салышты. “Болду иштетпейм” дегени үчүн кайтарып бергенбиз. Эртеси карасак, кайра эле ошол абал. Прокуратурадан иретке келтирүү боюнча сунуш келген. Бул ишкерге башка эс алуу жайларын да сунуштадык, өзү баш тартып келүүдө», — деди Имарова.

Башкы прокуратурадан 9-июнда «Клоопко» үстүбүздөгү жылы 29-майда ишкерден Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери «1 млн 700 миң сомдук батутун мыйзамсыз иштетүүгө айыптап алып кетип, жыртып коюшканына» арызданганын билдиришти.

Бердибаеванын дооматы боюнча Ош ШИИБине 7-июнда «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу» беренесинин негизинде катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Прокуратурадан аталган иш башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турганын кошумчалашты.

Авторлошу: Нагима Козуева

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте өзүн өрттөп жиберген киши ооруканада каза болду