Бишкекте өзүн өрттөп жиберген киши ооруканада каза болду

Бишкекте өзүн өрттөп жиберген киши ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын алган жаракаты оор болгондуктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

28-февралда Бишкекте эркек киши өзүн өрттөп жиберген. Окуя саат 15:50 чамасында Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Жерине милициянын ыкчам тергөө тобу барып, тез жардам чакырылган.

Ал эмне үчүн мындай кадамга барганы териштирилип жатат.

Автору: Айгерим Белекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте өзүн өрттөп жиберген киши ооруканага жеткирилди, териштирүү башталды